Саймалы-Таш тоосуФергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш тармагы. Көгарт (чыгыш) жана Кылдоо сууларынын (Нарындын сол куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түн.-чыгышка 30 кмге чейин дого сымал созулат. Туурасы 3-4 км. Орт. бийикт. 2200-2400 м, эн бийик жери 3400 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска, негизинен тик, кокту-колоттор кездешет. Төмөнкү карбондун акиташ теги, доломит, кумдук, конгломерат, гипс тоо тектеринен турат. Шалбаалуу талаа жана шалбаа (2400- 2500 м бийиктикке чейин), андан жогору токой шалбаалуу талаа ландшафттары таралган. Жайыт. Саймалы-Таш сурөт галереясы дал ушул С.-Т. т-нда жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү