Саймачылыктын негизги кооздук каражаты. Бул буюм бетине «орнамент» (түр-оюм) түшүрүү дегенди түшүндүрөт. Ошентип, көчөт — бүтүн оюм-чиймени ирээти менен алмаштырып, жердик бетине түшүрүү дегендик. Саймачылар тигил-бул сайма ыкмасы аркылуу буюмга мындай көчөттөрдү түшүрүүдө баш-аламандыкка чалдыкпайт, сөзсүз шарттуулук жана ырааттуулук жол-жобосун сакташат. Мында да боек, (өң, түс) бирден-бир мааниге ээ болот. Саймачылар негизинен кызыл-көктү, кызыл-сарыны, кызыл-жашылды, кызыл-акты берип, анан кайра кызыл-көктү, кызыл-жашылды... айтор, көркөм көчөттөр тактыктан түк жазбайт.


Негизги элдик сайма көчөттөрүнө: «мүйүз», «айчык», «бадам» (миндаль) «тырмак», «гүл» өңдүүлөр кирет да, Түштүк-Түндүк Кыргызстандын журтчулугун бирдей аралаган. «Добу талаа», «такыя дөбө», «тогуз дөбө», «көөкөр» (түштүктө). Ушул сыяктуу түрлөрүнөн башка айбанаттар менен өсүмдүктөрдүн шарттуу сөлөкөттөрү да сайма көчөттөрүнөн жана көчөттөр үчүн оюм-чийимдерден сезилип турат.

Түштүк Кыргызстандын уздары саймачылыктын салттуу түрлөрүн ойдогудай улантып жатышат. Ал сайма көчөттөргө: «тал барки» (талдын жалбырагы), «ит таман» (төрт бөлүктөн турат, мунун ар биринин үчтөн элементи бар. Мындай элемент «карга тырмакты» да элестетет), «бадам» — анын жарымы «калемпир көчөт» болуп көрүнөт. Айрым уздардын айтымында, «бадам көчөтү» барыдан мурда пайда болот. Саймачылыкта «калемпир көчөт» (муну М. В. Рындин «мурч» деп айтат да, башкараак элестейт) да арбын пайдаланылат. «Анар көчөтү» көбүнчө «комуз тили» деген наамда таралат. Анын бир нече варианттары бар. Аны жердикке жоон алып да, ичке алып да сайса сайма көчөт жаралат. «Тогуз дөбө» — сайма көчөттөрүнүн канышасы. Бул сегиз жылдыз болуп да түшөт. Мунун элементтери бычак учтанып (араа тиштенип), он эки жылдыздай да көрүнөт. Ал, төтөн, балыш, жаздык өңдүү буюмдардагы кооздуктун жүзүн ачат. Аты айтып тургандай «балаты көчөтү» бутактанып, ийне жалбырактары жана тобурчактары өзү эле элестүү сезилет.
Түштүк Кыргызстанда саймачылардын көркөм көчөттөрдү сары саптоосунда канатташ элдер менен болгон маданий байланыштар билинет. Мисалы, «комуз тили» (өзбекче чарвача чарвахозийства) XIX кылымдарда Ташкент саймаларында арбын учурайт. «Чайнек койчу» (түпкүч), «чайнек» (чайнек көчөт) өзбектердин сайма буюмдарында арбын пайдаланылып келүүдө. «Сүлөөсүн тырмак» тажик саймаларында бар. Буларды чеберлер килем үлгүлөрүнө да колдоно беришет. Мына ушундай бай түрлөрү ич ара айкалыштыруу аркылуу уздануу өзүбүздүн чеберлердин чыгармачылык татымын көрсөтөт.

Атактуу уздардын аты — жөнү кошо айтылып келе жаткан көркөм көчөттөр бар. «Абысайнап Баймоңолова (Нарын шаары). Ал көчөт элементтерин гүлдөн алат. «Сары көчөт» (Сары Алдаярбекова Ат-Башы району 1-Май айылы) уз шырдак оюмдарынан көркөм көчөт жаратат. Анан «Рапыя көчөт» (Абдыбекова Рапия, Жети-Өгүз району Кичи-Жаргылчак айылы). Ал көркөм көчөт үчүн элементти өсүмдүктөн алат. «Сайнап көчөттө» (Мусинова Сайнап Жети-Өгүз району Покровка айылы) уз шырдак оюмдары менен сайма көчөттөрүн айкалыштырып берет. «Жеңилдик көчөтүндө» (Жеңилдик Аралбаева — Фрунзе шаары) — кооздук мындайынан караганда дандын кылканы сымалданып, элдик «сыңар мүйүз» оюмунун элементин негизги каражат кылып алат. Ал «Жеңилдиктин кыргак көчөтү» деп айтылат. Натыйжада, ар кандай шартты, турмуштук кырдаалды эске тутуп, элдик бул чебердин саймасы массалуулукта бара жатат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)