Чоткараева Сайрагүл (1954-ж. т.,Сокулук району) - ырчы (лирикалык сопрано). Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992).

  • М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын (1973), Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун (1978) бүтүргөн.
  • Чыгармачылыгын 1978-ж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болуп иштөөдөн баштаган.
  • Аткарган көрүнүктүү ролдору: Гүлчахра (У. Гаджибеков, «Аршин мал алан»), Тотуя,Валентина (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Токтогул»), Гүлмира (Н. Давлесов, «Аста-секин, колукту»), Елена, Маргарита (А. Бойто,«Мефистофель»), Татьяна (П. Чайковский, «Евгений Онегин»), Иоланта (П. Чайковский, «Иоланта»), Елизавета (Ж. Верди, «Дон Карлос»),Ак-Бийке (С. Осмонов, «Сепил»), Донна-Анна (Моцарт, «Дон Жуан»),Айчүрөк (В. Власов, А. Малдыбаев,В. Фере, «Айчүрөк»), Канайым (В.Власов, А. Малдыбаев, В. Фере,«Манас»), Канышай (Н. Давлесов,«Курманбек»), Чио-Чио-сан (Ж.Пуччини, «Чио-Чио-сан»), Саффи(Штраус, «Цыган барону»), Микаэла (Ж. Бизе, «Кармен»), Чоткараева дүйнөлүк классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды, кыргыз, чет элдик композиторлордун ырларын, романстарын чебер аткарат.

1992-жылдан Улуттук консерваториянын жеке ырдоо кафедрасында педагог болуп иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.