Сайрами Молдо Муса (1840, Чыгыш Түркстан, Сайрам кыштагы – болжолу 1916) – уйгур тарыхчысы.
1864-ж. Кучада (Чыгыш Түркстан) кытайлык феодалдарга каршы чыккан көтөрүлүшкө Аксуу, Үчтурпан шаарларын бошотууга катышкан.
Йакуб бектин ж-а анын жөөкөрлөрүнүн кол алдында катчы болуп иштеген.
1903–05-ж. «Тарих-и аминийа» («Амандык тарыхы») китебин жазган. Анда Теңир-Тоону мекендеген түркий элдердин эзелки тарыхы, Чыңгыз хандын, цин-манжурлардын Чыгыш Түркстанга басып келиши, Куча (1864) көтөрүлүшү, Йакуб бектин бийлиги (1878-жылга чейин) сыяктуу тарыхый окуялар чагылдырылган; Алымкул датка (китепте Мулла Алимкул, Алимкул кыргыз) сыяктуу кыргыз саясий ишмерлери да эскерилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003