ХХ кылымдагы кыргыз маданиятынын ишмерлеринин ичинен көрүнүктүү орундардын бири – улуттук музыкалык театрдын жаралышы, калыптанышы жана өнүгүшү менен ысмы менен байланышкан опера ырчысы Сайра Кийизбаева. Ырчы бүткүл өмүрүн адегенде операнын алдыңкы солисти, андан кийин педагог, жаш вокалисттердин насаатчысы катары искусствого жан аябас кызмат кылууга арнаган.[1]

Сайра Кийизбаева

Өмүр жолу түзөтүү

1917-жылы 7- ноябрда Аламүдүн районунун Төкөлдөш айылында кедейдин уй-бүлөсүндө туулган.

Билими түзөтүү

1931-жылы Фрунзедеги кыз-келиндер педагогикалык техникумуна тапшырган.

1936-жылы Сайранын элдик чыгармачылык боюнча Биринчи бүткүл кыргыз олимпиадасына катышкан жана аны Кыргызстанда жаныдан уюшулган музыкалык-театр студиясына кабыл алышты. Сабакты театрдын башкы артисттери А.Малдыбаев, А.Куттубаев жана Москвадан келген вокалист-педогогдор, дирижерлор жана композиторлор өтүшчү.[2]1937-жылы жазында кыргыздын тунгуч музыкалык драмасы “Алтын кыздын” бетачары болуп, башкы ролдо Кийизбаева ойноду.

1940-жылдын жазында Москвадагы П. И. Чайковский атындагы консерватиориянын вокалдык факультетине кабыл алынат, бирок Улуу Ата Мекендик согуш башталып, окуу токтотулган эле. 1947-49-жылдары Москва консерваториясында окуган. Согуш жылдарында “Тяньшаньдын бүркүттөрү” аттуу кыргыз артисттеринин концерттик бригадасынын курамында ал Калининград жана Брянск фронтторунун алдыңкы чегинде 200 концерттик-күн өткөрдү, өзүнүн искусствосу менен жоокерлерге кубаныч тартуулап, алардын женишке болгон ишеничин бекемдеп, 400 концерт берди.

1947-жылы Прагада өткөн демократиялык жаштардын 1-Бүткүлдүйнөлүк фестивалында чоң ийгиликке жетти. Ал чет элдик аудиториянын алдында чыгып ырдаган биринчи кыргыз артисткасы эле.

1958-жылы Москвадагы кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасында ал П. И. Чайковскийдин “Опричник” операсында тайманбаган, сүйүүгө бекем орус кызы Наталья Жемчужнаянын образын түздү. Мындан тышкары декададагы “Токтогул”, “Опричник” спектаклдеринде С. Кийизбаева режиссердун ассистенти катары да чыкты.

Сайра Кийизбаеванын ысымы Кыргызстандын чегинен алыс тараган, анын вокалдык чеберчилиги менен Болгария, Чехославакия, Монголия, Венгрия, Англия жана башка чет өлкөлөрдүн искусство сүйүүчүлөрү тааныш.

Педагогикалык ишмердүүлүгү түзөтүү

Актрисанын чыгармачылык ишмердиги менен катар педогогикалык стажы 30 жылды камтыйт. Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында вокалдан сабак берген. 1967-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жеке ырдоо кафедрасын уюштурган жана аны жетектеген.

Кийизбаева 20 жыл бою Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланып келди. Нечен ирет М. Глинка атындагы вокалисттердин Бүтклсоюздук конкурстарынын жана республикалык кароолорунун жюри мүчөсү болгон.

Аткарган ролдору түзөтүү

Сайра Кийизбаева чыгармачылык жолун 1936-жылы Кыргыз музыкалуу драма театрына солист болуп кирүүдөн баштаган.

1937-жылы В.Власов менен В.Ференин «Алтын кыз» музыкалык драмасында Ажардын ролун ойнойт. Жупуну вокалдык партия Кийизбаевага ырчы катарында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген жок, бирок Ажардын образы анын артисттик мүмкүнчүлүктөрүн өзүнчө бир сыноо болду. Ошого карабастан, ал каарманынын жандуу сезимин ишенимдүү берүүгө жетише алды. Мына ушундан улам анын таланты эле аныкталбастан, окуудагы ийгилиги да ишенимдүү аныкталды.

1938-жылдын күз айларында музыкалык драма театры кыргыздын биринчи операсы "Айчүрөктү" даярдоого киришет. Кийизбаева болсо башкы партияны даярдайт. Бул спектаклде Сайра Кийизбаева Айчүрөктүн поэтикалуу жана көп кырдуу образын жаратууга жетише алган. Жаш ырчы сахнада курбулары менен болгон назик кыялдануусун да, Семетей менен жолугушуу дагы лирикалык жылуулукту да, душмандын маңдайында турганда зор токтоолукту да, Чыңкожо менен сүйлөшүүдө аялдык кылыктанууну да ишенимдүү бере алды. Ырчы өзүн өтө эле токто кармаганы менен андан Айчүрөктүн бүтүндөй мүнөзү байкалып турду. Сырткы көрүнүшүндө эмоция болбогон, элдин улуттук мүнөзү да сезилди. Мына отуз жылдан бери "Айчүрөк" операсы кыргыз опера жана балет театрынын репертуарынан түшпөй келет.

Жаш ырчы 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз маданиятынын он күндүгүндө В.Власов, А.Малдыбаев жана В.Ференин «Айчүрөк» операсында Айчүрөктүн ролун чоң ийгилик менен аткарат.

1953-жылы кыргыз опера ырчыларынан биринчи болуп Москванын Чоң театрында Пуччинин «Чио-Чио-Сан» операсында Баттерфляй айымдын партиясын орус тилинде аткарат. Бул эң маанилүү экзамен болгондуктан, москвалык көрүүчүлөрдү өзүнө багындырып, экзаменден укмуштуудай ийгилик менен өткөн.

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

  • 1939-жылы февралда С. Кийизбаевага “Кыргыз ССринин эмгек синирген артисткасы” деген наам берилген.
  • “Алтын кыз”, “Айчүрөк” спектаклдери 1939-жылдын күзүндө Москвада кыргыз искусствосунун биринчи декадасында Чон театрдын сахнасында көрсөтүлүп, зор ийигиликке жетишти. Декаданын катышуучуларынын арасында ага Бүткүлсоюздук карыя (М.И. Калинин) Эмгек Кызыл Туу орденин тапшырды.
  • 1942-жылдын апрель айында Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылган.
  • 1946-жылы мартта Ленин ордени менен сыйланган.
  • 1951-жылы ноябрь айында концертте кыргыз композиторлорунун жаны чыгармаларынан аткарган жана “Ардак белгиси” ордени тартууланган.
  • Совет искусствосунун өнүгүшүнө синирген эмгеги жана кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасындагы ийгилиги үчүн ага 1958-жылы 1-ноябрда СССР эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылды. Аял-вокалисттердин ичинен ал бул жогоку наамга биринчи татыган.
  • СССР Министрлер Советинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссия 1978-жылы 3-мартта Кийизбаевага профессор деген илимий даража ыйгарды.
  • 1977-жылдын ноябрь айында С. Кийизбаеванын 60 жашка толгондугуна байланыштуу: “Октябрь революциясы” ордени жана Кыргыз ССРинин “Эл агартуусунун отличниги” белгисин ыйгаруу.
  • 1979-жылы мартта “Эмгектин ардагери” медалы менен сыйлоо.
  • 1988-жылы “Элдердин достугу” ордени менен сыйланат.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • К. Жусупов, Э. Кылычев. Аялзатка таазим. Бишкек,1996.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Кузнецов А. Г. Сайра Кийизбаева / НАН КР, Ин-т философии.- Бишкек: Илим, 1994. – 136 с. (3, 123-бет)
  2. Бектурганова Күлбүбү Арыковна / Кыргызстандын асыл кыздары. – Б.: Мамл. тил ж-а энциклопедия борбору, 2006. – 416-б. ISBN 9967-14-040-2 (269-272-бет)