Сактанов Көчкөн Мидинович

Сактанов Көчкөн Мидинович - жазуучу, драматург.

Көчкөн Сактанов 1942-жылы 10-октябрда Алай районуна караштуу Кең-Жылга айылында туулган. 2018-жылдын 20-майында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
1967-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүнө өткөн.
Эмгек жолун 1959-жылы Көкжаңгак шахтасында электровоздун машинисти болуп иштөө менен баштаган.
1968-жылдан Кыргыз ССРинин ИАсынын Тил жана адабият институтунда адегенде кенже, кийин улук илимий кызматкер,
1977-жылдан Кыргыз ССРинин Мамтелерадио комите-тинде редактор,
1980-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы,
1983-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясынын көркөм сценариялык коллегиясында редактор, Мамлекеттик филармониясынын адабият бөлүмүнүн башчысы жана «Азаттык» радиостанциясынын Кыр-гызстан боюнча кабарчысы болуп эмгектенип, кийинКыргыз-Түрк Манас Университетинде баш окутуучу болуп иштеген.
1968-жылы «Үчөөнүн жүрөгү» аттуу алгачкы повести басылып чыккан. К.Сактановдун «Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам» жана Т. Касымбеков менен тең авторлукта жазылган «Курманжан датка» аттуу драмалары бир катар кыргыз драма театрларында коюлган.
1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Үчөөнүн жүрөгү: Повесть: – Ф.: Мектеп, 1968. – 147 б.

Апама кат: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1971. – 59 б.

Умтулуу: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1974. – 50 б.

Адат азабы: Роман. – Ф.: Мектеп, 1978. – 166 б.

Адат азабы: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 264 б.

Мурас: Ангемелер, повесттер.-Ф.: Мектеп, 1984.-208 б.

Адат азабы: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 670 б.

Маркумдар үнү: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1991. – 450 б.

Сталинден кийинки заман: Роман. – Б.: Учкун, – 650 б

Чөөлөрдүн заманы: Роман. – Б.: Учкун. – 350 б.