Сакчы — кандарды, бийик даражалуу адамдарды же кан сарайын, дарбазаларды кайтаруучу, сактоочу жоокер, кароолчу. «Манас» эпосто : «Жарым кандын артынан Жүрө турган сакчысы» (Саякбай Каралаев , 2. 130); «Сакчылары сандан көп» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 152), «Жанындагы кырк сакчы» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 185), — деп алар жөнүндө көп эскерилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4