Салам айтуу (кол берүү). Кутмандуу элибиздин үрп-адатында, салт-санааларында эч бир мыйзам-ченем аркылуу эмес, атадан балага калыптанган жөрөлгөлөр боюнча айныксыз чындыкта келе жаткан жакшы белгилердин бири – салам айтуу, кол берүү. Мында улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо наркы бар.
Илгери кутмандуу кыргыз элинде атчан жөөгө абалы салам айтуучу да, улуусуна болсо түшө калып, кол берүүчү. Ал ыраазычылыгын билдирүүчү, ыракматын айтып, алкап да жиберүүчү.
Азыр айрымдар ат үстүнөн салам айтаарын айтат. Аты менен омуроолотуп, кол сунат. Жөөчөн андан жалтайлап качып турат. Илгери бала-бакырадан бетер айыл аралап чаап жүрүү жигиттерге, чоң кишилерге абдан эрөөн эле. Көйрөңдүктү билгизүүчү. Атчандар уй мүйүз тартып отурган көпчүлүктү көргөндө атынан оолак түшүп, камчысын сүйрөй келип, улуусу отурган жерден оңго карай, анан солдон баштап, ошол биринчи салам берген карыяга кайра кайрылып амандыгын сурап, анан көчүк басуучу. Азыр көрүп билип жүрөбүз. Аты менен сүзө качырып келип, аттан түшпөй тургандар. Кичине бирдеме “сеп” этсе, отургандарды жадаткан эргулдар бар. Эки атчан жол жүрүп келе жатышса, жолукканда күн чыгыш тараптагысы салам берүүчү. Ат үстүнөн бири-бирине кол сунуучу, албетте, кичүүсү биринчи кол берүүчү. Азыр тааныш эместер үн катпай өтүшөт. Кыргыз касиетин качырып, тааныш эмес карыларга салам берүү тыйылды. Ушунун арты улууларга көпчүлүк жерде орун бошотуу, алардын карылыгын сыйлоо, боорукердик сезимин тартуулоо... сыяктуу адептүүлүктөн тумтак боло баштадык. Ал эми эки колду бирдей сунуп, салам берүү, алик алуу расмиси таанышың жолукса да, “баш ийкешүү”, “колун өйдө көтөрүү”, “ээк ийкешүү” өңдүү солгун учурашууга өттү.


Адабият

түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. “Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү” Бишкек – 2000 “Шам” басмасы. ISBN 9767-10-030-3