Салат Латук (Latuca sativa L) - татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык жашылча өсүмдүгү. Жапайы 1 түрү - компаслатугу (L/serriola) Алдынкы Азияда, Түн. Америкада, Батыш жана Түштүк Европада, Түн. Африкада, КМШ өлкөлөрүндө, Сибирде (Алтайга чейин), Орто Азияда, Закавказьеде кезигет. Эгилме С. л. дүйнөнүн бардык жеринде өстүрүлөт. Жаңы өсө баштаганда тамырынан тегерете жалбырак розеткасы пайда болот, кийин өтө бутактанган, бийиктиги 60- 120 см болгон гүлдүү бутагы өсөт. Гүлдөрү сары, кош жыныстуу. Мөмөсү - үрпөктүү урукча. Тамакка жаңы жалбырактары пайдаланылат. Анда витаминдер (С, В, РР жана башкалар) каротин, темир жана фосфор туздары көп. Үч түрү белгилүү: жалбырактуу, кочандуу жана ромен С. л-у Жалбырактуусу эрте жетилет (вегетациясы 30— 40 супгка), жалбырагы пайдаланылат. Кочандуусу орто жетилүүчү (55-95 супгка), тоголок, жалпак кочандарды пайда кылат. Ромен С. л-у да кочандуу (вегетациясы 70-100 супгка). Ачык же жабык топуракта өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү