Уркуя Салиева

Салиева Уркуя‎»‎ барагынан багытталды)

Уркуя Салиева (1911-жылы төрөлгөн, Беш-Буркан (азыркы Тактек) айылы, Ноокат району, Ош облусу - 4 февралда 1934-жылы каза болгон) - алгачкы кыргыз комсомол кызы, 1928 -жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1934-жылы Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү. Уркуя Салиева Борбордук Азиянын мусулман аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн.

Уркуя Салиева
Туулган датасы:

1911 - жыл

Туулган жери:

Беш-Буркан (азыркы Тактек) айылы, Ноокат району, Ош облусу, Кыргызстан

Өлгөн датасы:

4-февраль, 1934-жылы[[]]

Каза болгон жери:

Муркут

Партиясы:

ВКП(б)

Ишмердүүлүгү:

activist и politician

Өмүр баяны түзөтүү

Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкысы. Ошол мезгилдеги совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, 1928-жылы. октябрда 1-Май айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1932-жылы аймакта алгачкы «Кызыл-Аскер» колхозун уюштурган. Кыргыз АССР БАКтын мүчөсү (1934), 1-Май (Меркит- Мүркүт) айыл кеңешинин (1932-33), «Кызыл- Аскер» колхозунун раиси (1934). Каршылаштары тарабынан мыкаачылык менен өлтурүлгөн. Ал жөнүндө Н. Байтемиров «Тарых эстелиги» аттуу тарыхый-документалдуу романы жазып (1966), анын негизинде «Уркуя» аттуу көркөм фильм (1972) тартылган (режиссёру Т. Океев). Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысмы ыйгарылган. Туулуп өскөн айлында эстелик тургузулган.

Шилтемелер түзөтүү

Сулайман Кайыпов "Уркуя" (тарыхый-даректүү-баян)

Элизат Турсунова. Уркуя Салиева. “Кереге” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.10.2011-ж. Archived 2021-09-24 at the Wayback Machine

Абдираим Мамытов Отко Таазим: Уркуя Салиева // Ош шаамы, 17 Октябрь 2016 Archived 2020-08-05 at the Wayback Machine

Аманбек Жапаров. Уркуя Салиеванын көргөзмөсү ачылды. azattyk.org, 26-Октябрь, 2011

Анастасия Карелина — Безымянная Уркуя? Archived 2020-10-21 at the Wayback Machine // Вечерний Бишкек, 10 октября 2018

Колдонулган адабияттар түзөтүү