Жигитов, Салижан

Салижан Жигитов‎»‎ барагынан багытталды)


Салижан Жигитов (1936 - 2006) - кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери

Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Көлдүк айылында туулган.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

1965-жылы Кыргыз улуттук илимий академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган.

Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1961-62-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын тил жана адабият институтинда кенже илимий кызматкери, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген.

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакторунун биринчи орун басары болуп да иштеген.

Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси (1991-93), Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси (1993-1995), "Азаттык үналгысынын" Бишкектеги бюросинин жетекчиси (1995-1996), Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору ж.б. кызматтарды аркалаган.

2003-жылы «Акыйкат жана прогресс» партиясына мүчө болуп өткөн.

2004-жылы «Жаңы багыт» коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон.

2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында ооруунун айынан каза болгон.

Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги Ала-арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.

Колдонулган адабият тизмеси түзөтүү

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы. Фрунзе, 1976-1980.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция энциклопедии и Центра госязыка, 2002. - С. 189. (ISBN 5-89750-142-4)

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү