Салмаксыздык
Салмаксыздык — гравитация жок учурдагы натыйжа (эффект); нерсеге сырткы тартылуу күчү таасир кылганда, ал нерсенин бөлүкчөлөрүнүн бири бирине өз ара басым жасабоо абалы. Жердин тартылуу талаасында адамдын организми мындай басымды салмак катары сезет. Нерсе тартылуу талаасында алга умтулма (мисалы, тик эркин түшүү, жасалма жандоочунун орбита боюнча кыймылы, космос кемесинин учушу) эркин кыймылда болгондо салмаксыздык байкалат. Космос кемеси Жер атм-расынан чыкканда кыймылдаткычы иштеп бүтүп, салмаксыздык абалга келет. Мындай абалдагы нерсе өзүнүн салмагын жоготот, б. а. нерсе өзү турган таянычка аракет этпей калат. Ошондой эле нерсенин айрым-айрым бөлүктөрү дагы бири бирине аракет этпейт. Салмаксыздык кезинде физ. жаңы кубулуштар байкалат, мисалы, космос кемесинин ичиндеги бекитилбеген буюмдар асылып турат же эркин түрдө калкып жүрө берет. Айрым бир майда бөлүкчөлөр, нандын күкүмү же суу тамчылары абага калкып чыгып, космонавттардын иштешине өтө тоскоолдук кылат. Күйүп жаткан ширенке талынын жалыны жогору көздөй умтулат. Ал эми космосто жалындын формасы шар түрүндө болуп, кычкылтек жок болгондуктан, дароо эле өчөт, суюктукта эч кандай конвекция жүрбөйт. Космос аппараттарынын приборлорун жана агрегаттарын (мисалы, суюк жана газ сымал фазадагы отун бактары ийкемдүү бөлгүчтөр менен жабдылат) жасоодо салмаксыздык эске алынат. Салмаксыздыкта тирүү организмдеги маанилүү функциялар — зат алмашуу (өзгөчө суу, туз), кан айлануу өзгөрөт, вестибюлъ аппаратынын бузулушу жана башка байкалат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9