Салык укугу
Салык укугу – белгилүү бир мамлекетте салык түрлөрү менен аны алуу тартибин белгилөөчү, салык милдеттенмелеринин келип чыгуусуна, өзгөрүүсүнө, токтотулушуна байланыштуу мамилелерди жөнгө салуучу юридикалык ченемдердин жыйындысы; каржы укук тармагынын бир тарамы. С. у-нун булактары: КР Конституциясы, КР Салык кодекси, салык салуу маселелерин козгогон дагы башка мыйзамдар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7