Салыштырма грамматика - тил илиминин тектеш тилдердин фонетикасын (фонологиясын), морфологиясын, сөз жасоо жана сөз өзгөртүүсүн, айрым учурларда синтаксисин салыштырма багытта изилдөөчү тармагы. Адегенде салыштырма грамматика немис тилчилери Ф. Бопп жана А. Шлейхер тарабынан инд-европа тилдери боюнча түзүлгөн. 19-кылымдын аягы - 20-кылымдын башында инд-европа тилдеринин айрым бутактарынын жана бир нече тил уяларынын, топторунун салыштырма грамматикасы түзүлгөн. Салыштырма грамматика боюнча эмгектер түрк тилдери боюнча да жазылган. Салыштырма грамматиканын тектеш тилдерге орток жана айырмалуу белгилерди аныктап, алардын натыйжаларын теор., практикалык максатта колдонууда мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү