Саманканова Сабырбүбү
Саманканова Сабырбүбү Өрмөкчү, оймочу жана саймачы. 1945-ж. Талас районундагы Талды-Булак айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. 1980-жылдан “Кыял” элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде (Талас филиалында) үйдөн узданат. Бир нече сайма жана кийиз үлгүлөрү көркөм советтен өтүп, көп нускаланып сатууга түшкөн. Анын көркөм буюмдарынын ичинен уушкан ала кийизинде төрт түстү өз ара сиңирүүсү аркылуу оюмдарды так, төп жаратуу касиети жогору бааланат. Мында боёктор сары түскө айланат да, кудум живописттик мүнөзгө эгедер болот. Мүйүз оюмдар шарттуу айкалышып, четтик оюм менен ортолук оюмдардын «аламычы» аккарадан «ала мончок» көрүнүшү уздук татымын даана далилдейт. Ал өрмөкчүлүктүн көркөм көчөттөрүн терип түшүрүүнү энеси айтылуу уз Токуштан үйрөнөт. Боз үйдүн бүтүндөй жасалгаларын бир колдон чыгарууга такай отурган уз тегиричтин, кылдыроочтун кара терме түрүн жүзөгө ашырууну мыкты өздөштүргөн.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Сайма туштугу жана ала кийизи үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Энеси Бөрүбаева Токуш менен биргелешип жасалгалап тиккен боз үйү үчүн ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Шырдагы жана туш кийизи үчүн «Кыял» Бирикмесинин I даражадагы диплому.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАкматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0