ШАБДАНОВ САМАРБЕК АКЖОЛОВИЧ

Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси, ырчы-солист.

  • Шабданов Самарбек Акжолович, 1980-жылы 9-февралда ошол кездеги Ноокат районундагы Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында төрөлгөн. Беш бир туугандын ортончусу. Атасы Шабданов Акжол Эмилович Караван айылындагы № 8 кесиптик лицейде мугалим жана ошол кездеги Үмүт ансамблин жетектеп соло гитарада ойногон. Апасы Шабданова Паризат Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси. Ошол учурдагы Үмүт ВИА тобунун солисткасы, ырчысы болуп эмгектенген.
  • Самарбек Шабданов 1987-жылы А.Гайдар атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 8-класска чейин билим алгандан кийин 1994-жылы Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарына көчүп келишип, ал жерде М.Ломоносов атындагы № 6 мектепке кирип окуусун улантат. Мектепте окуп жүргөн кезинде ыр, бий жана спорттун дзюдо, күрөш ийримдеринин активдүү катышуучусу болгон.
  • 1995-жылы Көк-Жаңгак шаарындагы № 71 кесиптик лицейине "Бухгалтердик" кесибине тапшырып, бир эле мезгилде окууга да, ыр ийримине да активдүү катышып, 1996-жылы ошол лицейде көркөм жетекчилик кызматын аркалаган.
  • 1998-2001-жылдары эл аралап ырчы, клавишник катары өнөр жолуна аттанган. Ошол учурда көпчүлүккө белгилүү болуп калган ырчылар Клара Алибекова, Бахадыр Карабаев, Топчубай Айтмаматов сыяктуу чыгармачыл адамдар менен кызматташып, Кыргызстанды түрө кыдырып гостролдойт.
  • 2000-жылдан баштап Самаган Кочкоров, Алманбет Исаков баштаган “Нур” эстрада тобунун солисти болуп, чыгармачылыктын дагы бир баскычына кадам таштаган. Ошол учурдан азыркы күнгө чейин обончу-аткаруучу Самаган Кочкоров менен бир топто иштешип, өнөр жолунда үзөңгүлөш болуп, элге белгилүү ырларды чогуу аткарышкан. Мисалы: Жалал-Абад шаарынын гимни аталган "Жалал-Абад", "Энекем", "Бийле бийле", "Кыргыз элим", "Жалгыздык" сыяктуу чыгармаларды ырдап, көрүүчүлөрдүн алкышына арзыган.
  • 2001-жылы Кыргыз улуттук консерваториясынын түштүк филиалына жеке ырдоо (сольное пение) кесибине тапшырып, бир эле мезгилде Жалал-Абад облустук филармониясына артист болуп кабыл алынып, алгачкы профессионалдуу эмгек жолу башталган.
  • Ырчылык өнөрүн сынап көрүү максатында 2001-2002-жылы өткөрүлгөн Жалал-Абад азем түндөрү фестивалына катышып, лауреат аталган.
  • 2006-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясына кайрадан артист катары ишке кирген. Кийинчерээк 2006-2007-жылдары филармониянын көркөм жетекчиси кызматында иштеген.
  • Жашоо шартка байланыштуу Россиянын Москва шаарында эмгектенип жүргөн учурда дагы Кыргыз Республикасынын Москвадагы Элчилигинин чакыруусу менен Эгемендүүлүк күндөрү жана башка майрамдык чоң салтанаттарда талантын тартуулаган.
  • 2016-жылы Октябрь балдар музыкалык мектебинде вокал жана ырдоо сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенген.
  • 2018-жылдын апрель айынан август айына чейин филармониянын көркөм жетекчиси болуп иштеп турган.
  • Самарбек Шабданов чыгармачылыкта ийгиликтерди жаратып, бир топ сыйлыктарга алууга жетишкен.

- Россиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Алкыш каты жана Ардак грамотасы;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы;

- Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси;

  • Азыркы тапта Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын солисти, ырчысы катары чыгармачылыктын үстүндө үзүрлүү эмгектенүүдө.
  • Үй-бүлөлүү, 4 уулдун сүйүктүү атасы.

Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын маалымат кызматы.