Самиева Айнагүл 1971-жылы 21-октябрда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1987-жылы У.Абдукаимов атындагы орто мектебин, ошону менен катар Октябрь кыштагындагы балдар музыкалык мектебинен “комуз” адистигин, 1991-жылы Бишкек шаарындагы М. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын мугалим жана оркестр артистти адистигин,
  • 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Концерваторияны аяктаган.
  • Эмгек жолун 1990-жылы Бишкек шаардык №9 балдар музыкалык мектебинде мугалим болуп иштеп баштап ушул күнгө чейин эмгектенип, ошону менен катар 1994-жылдан бери Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринде,
  • 2009-жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестринде эмгектенип келет.
  • 1998-1999-жылдары “Жибек Жолу” проектиси менен Орто-Азия жана Европа мамлекеттеринде концерттик гастролдо болуп келген.
  • 2003,2011-жылдары Кытайда, 2004,2005-жылдары Москвада, 2006,2013-жылдары Казакстанда өткөн Кыргыз маданият күндөрүнө катышкан.
  • “Мыкты мугалим” наамын алган.
  • Көптөгөн иш чараларга активтүү катышкандыгы үчүн Ардак грамоталар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3