Самоа таласы

Самоа таласы

Тала (белгиси: WS$; коду: 4217 — WST) — Самоанын улуттук валютасы. 1 тала 100 сенеден турат.

Тала  (кырг.)

Tala  (аңгл.)
Tala  (фр.)

1 тала (1972-жыл) 1 тала (1976-жыл)
1 тала (1972-жыл) 1 тала (1976-жыл)
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору WST (882)
Аббревиатуралар SAT, ST, T
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Самоа
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Сене (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 10, 20 жана 50 сене
1 жана 2 тала
Банкноттор 5, 10, 20, 50 жана 100 тала
Тарыхы
Киргизилди 10.7.1967
Мурда колдонулган валюта Самоа фунту
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Самоанын борбордук банкы
www.cbs.gov.ws
Банкнота өңдүрүүчү De La Rue
www.delarue.com
Акча сарайы Австралиянын Падышалык зээрканасы
www.ramint.gov.au
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
Тала Уикиказынада

10, 20 50 сене 1 жана 2 тала монеталары, 5, 10, 20, 50 жана 100 тала номиналындагы банкноттор жүгүртүүдө.

Тарыхы

түзөтүү

«Тала» аталышы немис тилиндеги «талер» деген сөздөн келип чыккан.

1962-жылы Самоа Жаңы Зеландиядан саясий көз карандысыздыгын алгандан кийин, 1967-жылы 10-июлда мамлекеттик валюта жүгүртүгө киргизилген. Мамлекеттик валюта кабыл алынга чейин самоа фунтту жана Жаңы Зеландиядан алып келинген монеталар жана бонкноттор колдонууда болгон.

Таланын курсу 1975-жылга чейин жаңы зеландия долларынынын кунуна барабар болгон.

WS$ символу азыркы учурда деле тала валютасын белгилөө үчүн колдонулат[1]. Бул белги өлкөнүн мурунку аталышы болгон Батыш Самоа сөзүнүн англис тилиндеги аталышынан келип чыккан.

Монеталар

түзөтүү

1967-жылы 1, 2, 5, 10, 20 жана 50 сене номиналындагы монеталар чыгарылган. Колодон жасалган 1 жана 2 сене монеталарынынан башкалары никель жалатылган жезден жасалган. 1 тала номиналындагы коло менен алюминийден жасалган монета 1984-жылы колдонууга берилген.

Банкноттор

түзөтүү

Жүгүртүүдө 5, 10, 20, 50 жана 100 тал номиналындагы 2008-жылдагы үлгүдөгү банкноттор бар[2].

2008-жылдагы үлгүдөгү тала банкноттору
Сүрөт Номинал

(вату)

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Дата
Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Суу белги Чыгарылган күнү Басып чыгарылбай калган жылы
5 139×71 кызыл, кызгылт булуңдагы алачыктар жана дарактар жазуучу Р. Л. Стивенсондун резиденциясы
10 139×71 көк, жашыл Самоанын регби командасы топ балдар
20 139×71 сары, кызгылт сары Уполу аралындагы Сопоага шаркыратмасы Тиштүү көгүчкөн
  50 139×71 күлгүн көк, көк Самоа өкмөтүнүн имараты Самоа Борбордук банкынын имараты
  10 139×71 жашыл, сары Малиетоа Танумафили II Сусуганын портрети чиркөө

Алмаштыруу курсунун режими

түзөтүү
Базардагы курсу
Google Finance (.../WST): KGS USD EUR GBP JPY CHF
Yahoo! Finance (.../WST): KGS USD EUR GBP JPY CHF
XE.com (.../WST): KGS USD EUR GBP JPY CHF
OANDA.com (.../WST): KGS USD EUR GBP JPY CHF


Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү