Санаторий (латын тилинен sano «дарылап атам, айыктыруу») — дарылоо үчүн негизинен жаратылыштын (табигый) факторлорун (аба, минералдуу суулар, баткак жана башкалар) пайдаланган дарылоо-алдын алуучу мекеме.

Ысык-Көл облусундагы "Манас" санаторийи.

Дарылоо жана жайгашуу жери тууралуу түзөтүү

Ал туура тамактанууну, дарылоо физкультурасын, эс алууну жана туура дарылоону айкалыштырат. Санаторий курорттордо, климаты жагымдуу шаарга жакын жердеги зоналарда жайгаштырылат, ал эми өнөр жай ишканаларында иштегендер үчүн санаторий - профилакторийлер уюштурулат. Санаторий чоң кишилер, өспүрүмдөр жана балдар менен ата-энелер үчүн бир өңчөй жана түрдүү ооруларды дарылоочу болуп бөлүнөт. Санаторий оорулардын түрү боюнча кургак учук оорулары (жолдомо бул санаторийлерге акысыз), кан айлануу, тамак сиңирүү, дем алуу органдарынын оорулары, зат алмашуунун бузулушу жана эндокрин системасынын, буту-колдун жана нерв системасынын жана башкалар ооруларды дарылоочу болуп бөлүнөт. Санаторийге оору катуу кармаган учурда жиберилбейт. Ага дарттын ашынбаган алгачкы түрлөрү, ооруканада дарыланууну талап кылбаган жана операциядан кийинки сакайып бара жаткан оорулуулар барат.

 
Бишкек шаарынан 24км алыстыкта жайгашкан "Жаннат Рисорт" санаторийи.

Балдар санаторийи түзөтүү

Балдар санаторийи — өнөкөт оорулардын алдын алууга багытталган балдар ооруларын комплекстүү дарылоочу мекеме. Санаторийге балдар врачтын атайын көрсөтмөсү боюнча жиберилет. Анын ар кандай түрлөрү бар:

  • балдардын кызыл жүгүрүгү,
  • сөөк кургак учугу,
  • дем алуу органдарынын (кургак учукка байланыштуу эмес),
  • тамак сиңирүү органдарынын бөйрөк жана заара бөлүп чыгаруу жолдорунун,
  • зат алмашуунун бузулушунун, нерв-психикалык оорулардын,
  • тери ооруларынын, сөөктөрдүн (остеомиелит) жана
  • муун ооруларын дарылоочу.

Санаторий түрлөрү түзөтүү

Булардан башка «Эне жана бала» санаторийи, пионер лагерлери, токой-санаторий мектеби, мектепке чейин балдар үчүн санаторий-бала бакчалар бар. Жергиликтүү балдар санаторийине 1 жаштан 14 жашка чейинки балдар, курортко 5—14 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Ал эми буту-колу жакшы иштебеген жана шал болгон балдар 3 жаштан кабыл алынат. Балдар санаторийи жайгашкан жердин ландшафты жана климаттык жагымдуу шарттары баланын организмине оң таасир тийгизет. Санаторийде балдар таза абада болушуп, жакшы тамактануу, жетиштүү эс алуу, табигый факторлорду: минералдуу сууларды (көлгө, деңизге түшүүнү), аба жана күн ванналарын, дарылоочу баткакты кеңири пайдалануу менен дарылоо жүргүзүлөт. Ар бир баланын ден соолугунун өзгөчөлүгүнө жараша түрдүү машыгууларга жана денени чындоого көп көңүл бурулат. Санаторийде тарбиялык жана окутуу иштери да жүргүзүлөт.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8