Санжырачысанжыра айткан киши. Кыргыздарда санжырачылардын дээрлик баары эркектер болгон. Белгилүү кыргыз санжырачылары: Балык, Тоголок Молдо, Талып Молдо (Талып Байболот уулу), Бала Айылчы, Актан Тыныбек уулу, Осмонаалы Сыдык уулу, Белек Солтонкелди уулу Солтоноев, Үсөйүн ажы жана Жусуп Мамай (Кытайдагы кыргыздардан), Абдишарип Тургунбай уулу ж.б. Али көп санжырачылардын эмгектери элге жете элек. Санжырачылардын ар кандай конкурстары өтүп китептери чыгууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004