Санитариялык тазалоо — кишинин денесин, алардын кийип жүргөн ич кийимдерин жугуштуу оорулардын козгогучтарынан жана аны таратуучулардан (мисалы, бит) арылтуу (дезинфекция) максатында жүргүзүлгөн чаралар.
Ошондой эле ар түрдүү оорулардын алдын алуу максатында (ар кандай эпидемиянын алдын алуу үчүн) бардык кийим-кечектер, үй, үй эмеректерин, төшөнчүлөрдү, санитариялык транспортторду да дезинфекциялайт, өзгөчө баш келте таралып кетүү коркунучу туулган учурда аталган чаралар өтө тыкандык менен тез арада жүргүзүлүүгө тийиш.

Шарттар түзөтүү

Санитариялык тазалоо жүргүзүүгө төмөнкү шарттар:

  • калк жашаган же эмгектенген чөйрөдөгү санитариялык шарттын начарлыгы;
  • кээ бир маалыматтарга ылайык, эпидемиялык жугуштуу оорулардын жайылып кетүү коркунучу жана башкалар себеп болот.

Ал шартка ылайык толук жана толук эмес болуп бөлүнөт. Санитариялык тазалоо толук жүргүзүлө турган учурда бардык көрүлө турган чаралар эрежеге ылайык, биринин артынан бири үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Анда кийимдерди (бут кийимден тартып ички жана тышкы кийимдерге чейин), төшөнчү-орундарды, үй эмеректерин жана үйдүн өзүн да дезинфекциялоого туура келет. Ал эми толук эмес жүргүзүлгөн санитариялык тазалоодо самындалган мочалка менен жуундуруу жана бут кийиминен тартып бардык кийим-кечектерин толук дезинфекциялоо жетиштүү болот. Адамды жуундуруу жана алардын кийим-кечектерин жана башкалар дезинфекциялоо (дезинсекциялоо) ооруканалардын шарттарында атайын жалпыга бирдей жабдылган санитариялык өткөргүчтө жүргүзүлөт. Санитариялык тазалоону эрежеден кыйшаюусуз атайын адистер жүргүзүүгө тийиш. Эреже боюнча санитариялык тазалоодон өтө электер өткөндөр менен жолукпоо керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8