Санкция (лат. sanction – катуу токтом) – адатта, акыркы мүнөздөгү чара, чечим. Анын төрт негизги мааниси бар: а) укук тартибин бузгандарга карата колдонулуучу жана ага белгилүү бир жагымсыз кесепетин тийгизе турган чара. Чара мүнөзүнө жана аны колдонгон органдарга жараша, кылмыш-жаза-укуктук, административдик-укуктук, тартипке чакыруу-укуктук, мүлктүк болуп бөлүнөт. Кылмыш-жаза-укуктук С. (эркинен ажыратуу, жазапул салуу ж. б. у. с.) сот тарабынан гана колдонулат; административдик-укуктук С. (административдик жазапул, административдик камак) – милиция, полиция тарабынан; тартипке чакыруу-укуктук С. (кызмат ордунан төмөндөтүү, бошотуу) – кызмат адамдары, администрация тарабынан; мүлктүк С. (м.: жабырлануучуга зыян ордун толтуруп берүү, анын пайдасына мүлктү чектеп берүү, бүтүмдү негизсиз деп таануу) өзалдынча чара же башкалар менен айкалыштырылган чара катары сот тарабынан гана дайындалат; б) ал ченемди бузуучуга таасир этүү чарасы экендигин көрсөткөн жалпы ченемдердин түзүмдүк бөлүгү; в) кылмыш жасагандыгынан шек саналган жакка карата мажбурлоо чарасын колдонууга (камакка алууга, тинтүүгө ж. б.) улуксат берүүчү прокурордун токтому; г) эларалык укуктагы бул ченемдер менен эларалык милдеттенмелерин бузган мамлекетке таасир көрсөтүү чарасы (кара: Эларалык санкция).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү