Санпа кыргыны - 2010 жылдын июнь айындагы Ош жана Жалабаттагы этникалык кагылыштын бир эпизоду. Бишкек-Ош жолунун Жалалабат облусунун Сузак районунун аймагындагы Топурак-Бел бөлүгүндө жайгашкан Санпа пахта тазалоочу заводунун жанында болуп өткөн кыргын. Ошол заводдун аты менен Санпа кыргыны, Санпа окуясы же Санпа окуялары деген ат менен массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылган.

Кыргындын себептери жана ага чейинки окуялар түзөтүү

Ош шаарында 10-июндан 11-июнга караган түнү өзбек жана кыргыздар ортосунда улут аралык жаңжал чыккан. Бул кооганын башкы себеби өзбек улутчулдарынын жана сепаритистеринин Кыргызстандын түштүгүндө өзбек тилинин аймактык тил макамын бекитүү жана бардык мамлекеттик кызматтардын 30 пайызын өзбек тектүүлөргө берүү талаптары болгон. Айрым маалыматтарга караганда Кадыржан Батыров, Карамат Абдуллаева, Инамжан Абдырасулов сыяктуу өзбек көчбашчылары Ош жана Жалалабат аймагында өзбек автономиясын түзүү талаптарын да койгон.

Санпа заводунун өрттөлүшү түзөтүү

2012 жылы Санпа заводунун имараты өрттөлгөн. Сузак райондук ИИМдин тергөөчүлөрүнүн айтымында өрттүн бир канча себептери болушу мүмкүн. Биринчиден бул КыргызИнвестКредитБанкка карызы бар кампа ээлери өрттөп жибериши мүмкүн. Бул жерде жөн гана өч алуу максаты болушу мүмкүн, анткени завод толугу менен КыргызИнвестКредитБанктын балансында турган. Экинчи версия, бул заводдун кароолчусунан өч алуу максатында жасалган. Заводдун кароолчусу катуу сабалган жана ооруканага жаткырылган. Бул өрттөлүштүн 2010 жылкы Санпа кыргынына эч тийешеси жок экени билдирилүүдө.