Сан атооч (лингвистика) - турмуштагы сандык зарыл түшүнүктөрдү билдирүүчү сөздөр.

Байыркы доорлордо эле адам баласынын турмушунда буюмдарды эсептөөнүн, санды жана аларды атай турган сөздөрдү колдонуунун зарылчылыгы келип чыккан. Мындай зарылчылык тилде сандык түшүнүктөрдү белгилөөчү сөздөрдүн – Сан Атоочдун пайда болушуна алып келген.

Сандык түшүнүктү билдирүүчү сөздөр негизги сөздүк фондуга кирүүчү башка сөздөр сыяктуу эле өтө туруктуу келет.

Башка сөз түркүмдөрүнөн өзүнө тиешелүү болгон белгилер менен айырмаланат:

1. Семантикасы боюнча абстракттуу сандык түшүнүктөрдүн атын, заттын санын, иретин билдирет.

2. Морфологиялык жактан Сан атоочтун өзүнө гана мүнөздүү болгон сөз жасоочу мүчөлөрү бар. Бөлчөк сандын жасалыш жолдору да сан атоочторго гана мүнөздүү болгон морфологиялык белгилерге жатат.

3. Синтаксистик функциясы жагынан Сан атоочторго. негизинен, аныктооч-тук, баяндоочтук, бышыктоочтук милдетти аткаруу мүнөздүү. Мындан сырткары, ээлик, толуктоочтук милдетти да аткара алат.

Сан атоочтор маанилериндеги айрым өзгөчөлүктөрүнө ылайык алтыга бөлүнөт: эсептик сан, иреттик сан, жамдама сан, чамалама сан, топ сан, бөлчөк сан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4