Сапарбаев Асанкан - илимпоз, доцент, филология илимдеринин кандидаты, бир нече китептин автору.

Сапарбаев Асанкан Сапарбаевич
Файл:Сапарбаев Асанкан.jpg
Сапарбаев Асанкан
Жалпы маалымат
Толук аты-жөнү: Сапарбаев Асанкан Сапарбаевич
Туулган жылы: 1940 ж.
Төрөлгөн жери: Кочкор району, Ак-Чий айылы
Өлкө: Кыргызстан

Өмүр жолу түзөтүү

Асанкан Сапарбаев Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Чий айылында 1940-жылы төрөлгөн. Ошол эле айылдагы Чолпон атындагы орто мектебин бүтүргөн.

1961-1964-жылдары эмгек жолун чабандык кесип менен аркалаган.

1964-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук Универстетине студент болуп кирген.

1969-жылы Университетти ийгиликтүү аяктап, Нарын облусунун Ак-Талаа айылынын 1-Ленин атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштей баштайт.

1971-жылы КУУнун тил факултетинин аспирантурасына конкурстук жол менен өтүп, аны ийгиликтүү аяктаган.

1975-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, профессор К. К. Сартбаевдин жетекчилиги менен ""Манас" эпосундагы метафоралар"" деген темада кандидаттык диссертациясын коргоп, филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

1985-жылы тил илими боюнча доцент илимий наамы ыйгарылган.

Эмгектери түзөтүү

Жогорку окуу жайлар үчүн: түзөтүү

  • Кыргыз тили(2-бөлүк:(синтаксис), Мектеп, 280 б. 1988-ж.)
  • Кыргыз тилинин лексикографиясы жана фразеологиясы("Сорос-Кыргызстан" фондусу тарабынан, 328 б. 1996-97-жж.)
  • Синтаксистик окуунун негиздери("Сорос-Кыргызстан" фондусу тарабынан, 200 б. 1996-97-жж.)

Мектеп окуучулары үчүн: түзөтүү

  • Кыргыз тили 7-кластар үчүн (1999-ж.)
  • Кыргыз тили 8-9-класстары үчүн (1992-ж.)
  • Кыргыз тили 10-класстар үчүн (2007-ж.)
  • Кыргыз тили 11-класстар үчүн (2007-ж.)

"Кыргыз тилиндеги атоочтуктар, алардын синтаксистик милдеттери" - деген көлөмдүү китептердин да автору жана көбүнчө бөлүгүн жазган.

Илимий эмгектеринин тизмеси: түзөтүү
Илимий макалалары Басылма, журнал

(аталышы, номер, жыл)

Авторлоштордун фамилиялары
1. Грамматикалык айрым категорияларын окутуу "Мугалимдер газетасы"

04.11.1970-ж.

2. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн окутуу "Мугалимдер газетасы"

15.01.1972-ж.

3. Сөздөрдүн метафориялашы "Мугалимдер газетасы"

25.10.1972-ж.

4. Метафора менен фразеологиялык сөз айкалышын

өз ара карым - катышы

"Мугалимдер газетасы"

13.06.1973-ж.

5. Метафора жана анын тилдеги ролу жөнүндө "Мугалимдер газетасы"

13.01.1974-ж.

6. Метафоранын поэзиядагы ролу жөнүндө "Кыргыз маданияты"

№30, 1974-ж.

7. "Манас" эпосундагы метафоралардын стилдик

максаттарда колдонулушу жөнүндө

"Эл агартуу" №6, 1974-ж.
8. Сөздөрдү сөз түркүмдөрүнө карата

классификациялоонун айрым принциптери

"Эл агартуу" №9, 1977-ж.
9. Метафора жана салыштыруу Труды КГУ, секция

филолгических наук.

№20, 1977-ж.

10. Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн

классификациялоонун принциптери

"Мугалимдер газетасы"

июнь, 1979-ж.

11. Кыргыз тилиндеги бир өңчөй эмес айкындоочтор "Эл агартуу" №8, 1979-ж.
12. Метафоранын түрлөрү Труды кафедры кыргызского

языка. №1, 1979-ж.

13. Синтакстик ажырагыс бирдиктерди уюштурууда

атоочтуктардын ролу

"Мугалимдер газетасы"

15.01.1982-ж.

14. Кыргыз тилиндеги сүйлөмдүн тутумдаш мүчөлөрү

жана анын уюшулуш принциптери

Сборник научных трудов,

Проблемы терминологии из

грамматической структуры

кыргызского языка. 1984-ж.

15. Конструктивные разновидности развернутых

членов предложений в кыргызском языке

Педагогические научные

чтения посвященные памяти

академиков: Батманова И. А.,

Юдахина К. К, Юнусалиева

Б. М.

16. Бир өңчөй толуктоочтордун грамматикалык

формасы жөнүндө

"Мугалимдер газетасы"

ноябрь, 1985-ж.

17. Талкууда тактык керек "Ленинчил жаш"

май, 1989-ж.

18 Сапаттык жактан жогорулашын көздөп... "мугалимдер газетасы"

1989-ж.

19. Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси боюнча

лабораториялык сабактарга методикалык колдонмо

КМУ, 1989-ж.
20. Атайын орто окуу жайлары үчүн кыргыз тилинин

программасы

КМУ, 1989-ж. У. Асаналиев
21. "Арман" деген сөздүн мааниси жөнүндө "Ленинчил жаш"
22. Кайчы пикирлер качан пайда болгон? "Мугалимдер газетасы"

1990-ж.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
  • Сапарбаев А, Мамбеткалиев С. Кыргыз тилиндеги атоочтуктар, алардын синтаксистик милдеттери, Б.: "Чүй университетинин редакциялык-басма борбору", 2012. -173 б. ISBN 978-9967-452-75-6