Сапар Исаков
Сапар Жумакадырович Исаков (төр. 29-июль 1977, Фрунзе, Кыргыз ССРи) — Кыргызстандын мамлекеттик ишмери, Кыргыз Республикасынын премьер-министри (2017-2018). Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү.
Сапар Исаков | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
25-август 2017-жыл — 19-апрель 2018-жыл | ||||
Президент: | Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков | |||
Андан мурунку: | Сооронбай Жээнбеков Мухамметкалый Абулгазиев (м. а.) | |||
Андан кийинки: | Мухамметкалый Абулгазиев | |||
| ||||
1-март 2017 — 26-август 2017 | ||||
Андан мурунку: | Фарид Ниязов | |||
Андан кийинки: | Алмазбек Усенов | |||
| ||||
31-январь 2017 — 1-март 2017 | ||||
Андан мурунку: | Аалы Карашев | |||
Дини: | ислам | |||
Туулган жылы: | 29 -июль 1977 (47 жаш) | |||
Туулган жери: | Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР | |||
Атасы: | Исаков Жумакадыр | |||
Апасы: | Өмурбаева Нургүл | |||
Партиясы: | Кыргызстан социал-демократиялык партиясы | |||
Билими: | Кыргызстандын эл аралык университети | |||
Сыйлыктары: |
| |||
Өмүр баяны
түзөтүүСапар Исаков 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн.
Эмгек жолу:
түзөтүү- 1999-2003 — Кыргызстандын эл аралык университетинде мугалим;
- 2003–2007 —төмөнкү даражадагы дипломат, үчүнчү катчы, төртүнчү катчы, КР Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
- 2007 — КР өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
- 2007–2009 — КР өкмөтүнүн сырткы байланыш бөлүмүнүн башчысы;
- 2009–2010 — Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттиктин коммуникация кызматынын башчысы;
- 2010-жылдын май айынан тарта — КР Убактылуу өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2010-жылдын август айынан тарта — КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- 2010–2011 — КР өкмөтүнүн аппаратынын орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- 2011–2017 — КР президент аппаратынын жетекчисинин орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- 2017-жылдын 31-январынан тарта — КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
- 2017-жылдын мартында өлкө башчынын буйругу менен КР президентинин аппарат жетекчилигине дайындалган.
3-даражадагы Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы бар.