Сарбагыш Абдрахманов (Абдрахманов Сарбагыш Абдрахманович; 1943-ж. т., Ысык-Көл району, Темир айылы) — Кыргыз физик-механик, физика-математика илимдеринин доктору (1993), профессор.

1943-ж. Ысык-Көл обласынын Темировка айылында туулган.

Билими түзөтүү

Кыргыз мамлекеттик университетти аяктаган. 1965-ж. КМУнун физика-математика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу түзөтүү

Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясында ага инженер,илимий кызматкер, Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан болуп иштеген.

Механика жаатындагы адис

Материалдардын карама-каршылыгы,прикладдык математика боюнча лекциялардын курсун окуйт.

100дон ашык илимий иши басылып чыккан ошондой эле, 3 монография, 5 окуу курал жана окуу-методикалык пособиелери басылып чыккан.

1965—67-ж. Кыргызстан ИАнын физика жана математика институтунда улук инженер, 1967—70-ж. ошол эле жерде аспирант, 1971-жылдан Бишкек политехника институтунун материалдардын каршылыгы кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1975—85-ж. ошол кафедранын башчысы, 1985—89-ж. механика-машина куруу факультетинин деканы, 1990-жылдам Кыргыз техникалык университетинин профессору.

Абдрахманов 10дон ашык окуу-усулдук колдонмолордун жана окуу китептеринин, 100дөн ашык илимий жана илимий-усулдук иштеп чыгуулардын автору.

Абдрахманов жазган техникалык жогорку окуу жайлары үчүн «Материалдардын каршылыгы курсу» (1993) ушул тармак боюнча кыргыз тилиндеги тунгуч окуу китеби.

КТУнун алдында ал түзгөн лаборатория КМШ өлкөлөрүндө белгилүү борборлордун бири.

Негизги эмгектери түзөтүү

«Деформирование материалов с памятью формы при термосиловом воздействии», «Изгиб и кручение брусьев из материалов с памятью формы»

  • Негизги эмгектери — деформациялануучу катуу нерселердин механикасы, материалдардын каршылыгы жана башка.
  • Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1977).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.