САРБАЗ – Кокон хандыгынын аскери. Хан аскери 3 категорияга бөлүнгөн: атчан аскерлер (сыпайлар), артиллерия (топчу) жана жөө аскерлер (сарбаздар). Сарбаздардын курал-жарагында атылбас курал басымдуулук кылган. Бирок жазылган маалыматтар боюнча «кокон аскери ийнине милтелүү мылтык асынган, капталында ийри кылычы бар, айрымдарында мындай куралданууну кыргыздардыкындай узун эмес, кыска ичке найза толуктайт». Кошуунда аскердик бекем тартип болгон эмес жана атайын даярдыктан өткөн эмес. Согуштук жүрүштөргө катышуудагы башкы өбөлгө олжого ээ болууга умтулуу болуп саналган.

Сарбаз нағыз әскери азамат.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.