Сартбай Акун Ысмайыл уулу

Сартбай Акун Ысмайыл уулу (1885 —1960-жылдар чен, Кочкор өрөөнү, Төрткул айылы) — Кочкор өрөөнүнөн чыккан элдик шайыр, куудул.
Атасы Ысмайыл Шабдан баатырдын устасы болгон. Сартбай куудул гана болбостон сөзгө чечендиги менен да элге алынып, Сартбай Акун деген атка конгон. Ал өзгөчө колхоз активдеринин ишин сынга алып, алардын кылыктарынын бетин ачкан. Анын жоруктары жөнүндөгү аңыз сөздөр азыр да эл оозунда айтылат.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.