Сартов Жанузак
Сартов Жанузак Таш чеккич. 1954-ж. Тоң районуидагы ТогузБулак айылында төрөлгөн.
Бишкектеги сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүргөн. 1979-90-жылдары Нарын педагогикалык окуу жайында, Пржевальск көркөм фондусунда, Бишкектеги № 92 кесипчилик-техникалык окуу жайында эмгектенген. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Жанузак ташты көлөмүнө карата аныктайт. Жаргылчак, тегирмен чегет. Өтө жумуру эстелик, моло таш, майдараактарын ийик таш, бүлөө, таш жарык, кайрак таш ж. б. шартташтырат. Таман алдында тапталган эле таштарды иштетип жалтыратса, абдан кооз көрүнүп, табигый касиетинде кубула түшөт. Андан чебер буюм-тайым жасайт. Андан эч нерсе менен алмаштыра алгыс көркөмдүктү алып чыгат. Жергиликтүү гранит таштарынын өңү ар кандай. Баалуу таштардан алмаз таш, топаз таш, ялма таш, овике таш өңдүүлөрдү кармайт. Устанын дүкөнү - «таш кесүүчү дүкөн» деп аталат. Техника аркылуу да иштетет. Аларга кескич, тешкич, жылмалоочу дүкөндөрү кирет. Жанузак таш чегүү үчүн балка, кескич, чукулдукту гана керектейт. Кескичти жаруу-тилүүдө, чукулдукту жаргылчак менен тегирмендин жылмасын чегүүдө колдонот. Жаргылчакка көгүлтүр чаар, кайрак сымал таштарды чегет. Жанузактын Нурдин Арзыматов, Тарас Сулайманов, Абдулла Арзиев, Темирбек Итикеев өңдүү таш чеккич шакирттери бар. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1988 ж. Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук III фестивалына карата «Кол өнөрчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». Жаргылчагы үчүн Ардак грамота; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Таш буюмдары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАкматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0