Сарыкова Бурулкан
Сарыкова Бурулкан 1959-жылы 10-октябрдаСузак районунун Октябрь кыштагында туулган.
- 1977-жылы Макаренко орто мектебин аяктаган соң, ошол убактагы саясат боюнча, комсомол комитетинин чакырыгы менен өндүрүштө калып, “Дружба” совхозунда саанчы болуп эмгектенип баштайт.
- Талыбаган эмгегинин акыбети кайтып, кыска убактын ичинде ар бир уйдан 3800-4000 литр сүт саап алып, совхоздо алдыңкы саанчылардын катарына кошулат.
- Көп жолу Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү аталып, беш жылдык пландарын ашыгы менен аткарып, сүрөтү совхоздун ардак тактасына илинген.
- 1988-жылы Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынат.
- Совхоздун жолдомосу менен, Ош шаарындагы айыл-чарба техни кумун сырттан окуп бүтүргөн.
- Райондук, облустук жана Айыл чарба министрлигинин Ардак грамотасы, ошондой эле бир канча жолу акчалай, баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
- Эгемендүүлүк алып, совхоз жоюлуп кеткенден кийин, жеке ишкердик менен алектенип, соода тармагында иштеп калат.
- 3 кыздын энеси.
- 1998-жылы капилет оорудан көз жумган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3