Сарыков Жедигер - аскердик, мамлекеттик жана коомдук ишмер. 1949-жылдын 12-июлунда Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы Соода техникумун аяктаган.

Аскердик ишмердүүлүгү түзөтүү

1968-жылы Тоголок-Молдо атындагы орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Советтик Армиянын катарына кызматка чакырылат. 1970-жылы аскердик кызматын өтөп келип, эмгек жолун Октябрь Винсовхоз комбинатта жумушчу болуп иштеп баштаган. Сузак райондук комсомол комитетинин жолдомосу менен ички иштер бөлүмүнө кызматка орношуп, 1997-жылга чейин катардагы милиционерден ага инспекторго чейин кызмат кылган. Ички иштер тармагында кынтыксыз кылган кызматы үчүн, бир канча медалдар менен сыйланган.

“СССР милиция отличниги”, “Кыргыз милиция кадырман ардагери” төш белгилеринин ээси.

Мамлекеттик иштерде түзөтүү

2003-2006-жылдары Багыш айыл өкмөтүндө айыл башчы, юрист, социалдык масалелер боюнча өкмөт башчы жардамчысы болуп эмгектенген. Учурда, коомдук иштерге активтүү катышып, Аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3