Сарыкунан, Сагынбек Дыйканбай уулу

Өмүр баяны түзөтүү

Сарыкунан, Сагынбек Дыйканбай уулу (1905, азыркы Аламүдүн району, Кашкасуу кыштагы – 1971, Фрунзе шаары) – төкмө ырчы, жомокчу.
30-жылдардын экинчи жарымынан өмүрүнүн акырына чейин Токтогул районунда жашаган.
К.Акыевдин шакирттеринен.
1924-ж. акынга өзү барып, бир жарым жыл жанында жүрүп, ырчылык, манас айтуу боюнча таалим алган.
К.Акыев анын сарылыгына карата Сарыкунан деген лакап ат койгон.
Сарыкунан ар кыл мазмундагы ырларды, мындан тышкары «Жаныш Байыш», «Курманбек», «Кедейкан», «Кожожаш» эпосторун, «Ак-Мөөр», «Карагул ботом», «Үч жигит» жана башка поэмаларды комуздун коштоосу менен чебер аткарып, айткан.
1927–29-ж. Кыргыз мамлекеттик театрында (кийин мамлекеттик филармониясы) иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003