Сарымогол (Сарыкмогол) мөңгүсү

Сарымогол (Сарыкмогол) мөңгүсүАлай кырка тоосунун түш. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Уз. 4,2 км, аянты 4,5 км2, көлөмү 0,4 км3.Кызылсуунун оң куймасы Сарымоголдун төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4740 м, этеги 4280 м бийиктикте жатат. Карчегинин бийикт. 4400 м, абляция облусунун аянты 2,3 км2. Жайык төрдөн башталып, далы сымал жазы «тил» м-н аяктайт. Этегинде чакан морена көлү жатат. Андан башталган суу Сарымоголго оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2