САРЫ-БУЛУҢ ЭСТЕЛИГИ – 10–12-кылымга таандык, Балыкчы шаарынан 9 км түштүк тарабында жайгашкан археологиялык эстелик. Аянты 29х33 метр, бийиктиги 2 метрге. Сырткы дубалынын калыңдыгы 2 метрге жакын. Дубалдын ички тарабындагы бөлмөлөрдө темир эрите турган тегерек мештер орун алган. Алардын дубалдары таштан жана ылайдан жасалган. Үстү жагында аба айдай турган түтүктөр орнотулган. Бул жерден 10–12-кылымга мүнөздүү чарыкта жасалган чопо идиштердин сыныктары, кенди майдалаганга ылайыкталган таштар, темир бычактар, айнек калдыктары табылган. Казуу иштерин Д. Ф. Винник жүргүзгөн.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.