Сары кычы. Латынча аталышы - (Barbarea) — кайчылаш гүлдүүлөр тукумундагы эки же кѳп жылдык өсүмдүк. Гүлү сары, уругу кыгакта. 20ча түрү Түндүк жарым шарда белгилүү. Көп таралганы — кадимки кычы жана дого сымал кычы. Талаада, огороддо, бакчада, шалбаада, жол боюнда жана суу жээгинде отоо чөп катары өсөт. Уругу коркунучтуу . Сары кычынын жаш жалбырагы салат үчүн пайдаланылат. Гүлү балдуу өсүмдүк. Айрым түрү Батыш Европада салат үчүн атайы эгилет.

Колдонуу түзөтүү

Горчица данынан кычы майы өндүрүлөт.

Горчица уругу жашылчаларды, козу карындарды, балыктарды консервалоодо, жашылча тамактарын, эт шорполорун, фарштарды даярдоодо колдонулат.

Горчица порошогу фармацевтикада кычы идиштерин жасоо үчүн колдонулат.

Эскертүүлөр түзөтүү


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. Бишкек (Фрунзе): 1980 г., ББК 92 Я 2