Сасыкбаев Казакбай
Сасыкбаев Казакбай (1921-ж. т., Акчий-Карасуу айылы) - Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген куруучусу (1971).
- Жалал-Абад айыл чарба мектебин бүткөн.
- 1946-63-ж. колхоздо тракторист, бригадир,
- 1963-68-ж. Токтогул ГЭСинин курулушунда бульдозерчи,
- 196878-ж. Токтогул шаарчасынын курулушунда жумушчу,
- 1978-85-ж. Токтогул шаарчасынын колхоз базарында контролер болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5