Сасык-Булак чопо кени Ысык-Көл районунда , Ананьево кыштагынан 2 км батышта, Сасык-Булак сайынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1707–1780 м бийиктикте. 1968–70-ж. жана 1992-ж. Түндүк геол. экспедициясы чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагы жогорку төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон, калыңдыгы 10 м кумайлуу чопо катмарынан турат. Кумайлуу чопо аглопорит өндүрүүгө жана "100", "125" маркадагы кирпичти жасоого жарайт. Запасы А категориясы боюнча 411 миң м3, В – 808 миң м3 С1–1619 миң м3, А+В+С1–2838 миң м3.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү