Сасык кычы (лат. Lepidium, L. 1753) – кайчылаш гүлдөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир, эки же көп жылдык чөп. Бийикт. 30-100 смге жеткен сабагы түктүү же түксүз, жалгыздан же бутактуу. Гүлү майда, ак. Желекчеси кээде жок. Жалбырактары тегиз жээктүү же бир, эки ирээттүү тилкелүү. Мөмөсү – саадакча. Жер жүзүндө 150, Кыргызстанда 9 түрү кездешет. Алар жайытта, аңызда, жол боюнда, айдоо жана огороддо отоо чөп катары кеңири таралган. Кыргызстандын бардык райондорунда өсөт. Бал ширелүү өсүмдүк.

Lepidium flavum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү