Сатикеев Урматбек 1965-жылы 9-майда Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

  • Мектепти 1982- жылы эң жакшы баалар менен аяктап, ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин физика факультетине тапшырып кабыл алынган.
  • 1983-1985-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылган.
  • Кызмат учурунда КПССтин мүчөсүнө талапкер болуп, кызматтан келгенден кийин 1986- жылы мүчөсүнө кабыл алынып, КМУну да ийгиликтүү аяктаган.
  • Эмгек жолун КМУнун физика факультетинде лаборант-окутуучу болуп иштеп баштаган. Кийинки жылдары өзүнүн туулуп өскөн айылындагы Дзержинский атындагы мектепте эмгектенип, Республикалык деңгээлдеги конкурстарга катышып, алдыңкы орундарга жетишип, жогорку категориядагы мугалим экенин көрсөткөн.
  • Учурда Бишкек шаарында жеке ишкерлик менен алектенип, кичи мекени Сары-Булак айылынын социалдык жактан өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет.
  • Атасы Салибай согуштун, апасы Райла эмгек ардагери.
  • Төрт баланын атасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3