Сатин Абдыкеримова (1919-1988) - кыргыз кыз-келиндеринин ичинен чыккан жана алгач колуна калем кармаган акындардын бири.

Өмүрү түзөтүү

Сатин Абдыкеримова 2010-жылы [[баткен| Киров районунун эмчек айылында туулган, 2012-жылы дүйнөдөн кайткан.

Чыгармачылык жолу түзөтүү

Эс тарткан ырчы, жомокчуларга жакын болуп, элдик оозеки чыгармаларын жатка айткан. Кийин сабатсыздыгын жоюп, акындык жолго кадам таштагандан тартып элдик мотивдин негизинде чыгармаларын кагаз бетине түшүрө баштаган. Акындын биринчи "Кыздарга" аттуу ыры "Ленинчил жаш" газетасына басылат.

Ырлар жыйнагы түзөтүү

Алгачкы ырлар жыйнагы 1949-жылы өзүнчө китеп болуп чыгат. Андан кийин "Өчпөс нур" (1958), "Айыл ырчы" (1964) жана башка ырлар жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларынын уйкашы элпек,элдик мотив менен тыгыз айкалышып, өзүнө-өзү обонго келип тургандыктан "Түш көрүүдөн тажадым", "Сүйгөнүм", "Мен ашык", "Эмгекти сүйгөн элиме" сыяктуу ырларына обон чыгарылган. Сатин Абдыкеримованын чыгармалары негизинен эмгекке, сүйүүгө, жаратылышка арналат. Согуш темасына арналган ырында согуш жалаң гана эр-азаматтарга тийиштүү эмес, кыз-келиндер да колуна курал алып жоого аттанууга, душмандан эл-жерин коргоп калууга милдеттүү экенин айтат. Ал эми "Айдарбек менен Акжамал" поэмасында эки жаштын көргөн кордуктары сүрөттөлүп, революциядан кийин гана өздөрүнүн тилегине жеткендиги баяндалат.

Сыйлыктары түзөтүү

Акындын адабиятка сиңирген эмгеги үчүн "Ардак белгиси" ордени, 1941-1945-жылдагы "Ата Мекендик улуу согуштагы каарман эмгеги үчүн" медалы, "Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы" менен сыйланган.

Эмгеги түзөтүү

Созулган жол

Он жаш...Он жаш ойноо бала курагың
Оюн-шокко канбай турган убагың
Жылдар кетип,жылдар келип жаңырып,
Жаш кошулуп жана берген чырагың.
Ондон өтүп он сегизге толгондо
Ошондо сен гүлдүн сырын сурадың.

Жаздын-жайдын жыпар жыттуу гүлүндө
Жыйырма жаш,жылып өттүң билинбей.
Оюн салган тай-кунандай жалтылдап,
Отуз жашым,сен да кеттиң күлүңдөй.
Кыя жолдон кыя карап кылчактар,
Кырк жаш,сен да кош айтыштың түңүлбөй.
Кучак жайып тостум сени,элүү жаш,
Катар өткөн үч кылка жаш бириндей.

Элүү жашым эсте сен да каларсың,
Эсен жүрсөң алтымышка барасың.
Элүү деген атыңа да суктанып,
Эске далай эскерүүлөр саларсың.
Андан ары жолуң дагы уланса,
Алтымышка онду кошуп каларсың.
Аттиңай,деп алтымышты эскерип,
Арт жагыңа он кылчайып аларсың.

Дагы сапар андан ары уланаар,
Дүйнө биздин түйшүктөргө кубанар
Бийик тоонун чокусуна жете албай,
Бир жеринен өмүр ташы куланар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Абдыкеримова С.Өспөс нур: Ырлар жыйнагы.-Ф.:К ыргызмамбас,1956.-96б.; Айыл ырлары: Ырлар жана поэма.-Ф.:Кыргызстан,1964.-64б.; Алтын күз.: Ырлар.-Ф.:Кыргызстан, 1969.-114б.; Бапаев Х.Кайраттуу өмүр//Ленинчил жаш.-1969.-16-авг.; Буларкиева М.Поэзиядагы өмүр//Кыргызстан аялдары.-1969.-№8.-Б.18;Ыр канатында//Ала-Тоо.-1969.-№8.-Б.157-158; Эралиев С.Сатиндин жолу//Кыргызстан маданияты.-1969.-20-авг.; Маликов К.Акын Сатин//Сов.Кыргызстан.-1969.-12-окт.Акын эже//Жаш ленинчи.1969.-№8.-Б.35;Сатин Абдыкеримова//Сов.Кыргызстан жазуучулары.-Ф.;Кыргызстан.-1976.-Б.34-35.