Сатлаев Феофан Александрович

Сатлаев Феофан Александрович (1931-1995), тарыхчы, этнограф, алтайлыктардын (алтай-кумандылар), анын ичинде түндүк алтайлыктардын тарыхы, этнографиясы боюнча адис, тарых илимдеринин кандидаты, белгилүү ойлоп табуучу. Алтайлыктардын мифологиясы боюнча бир эмгектердин автору. Ф.А.Сатлаев 1931-ж. Алтай крайынын Красногор районуна караштуу Егон айылында туулган. Тогуз жашынан мектепке барып, 1949-ж. Горно-Алтайскидеги медициналык окуу жайга тапшырган. 1952-ж. окууну аяктап, Томскидеги аскер окуу жайына өтөт. 1957-ж. аскер кызматын калтырган Ф.А.Сатлаев Горно-Алтаеск пединститунун тарых-филология факультетине келип кирген. 1968-ж. Москвадагы аспирантураны аяктап, “Кумандинцы Алтайского края” атуу темада кандидаииык диссертациясын коргогон. Анын илимий жетекчиси атактуу этнограф Л.П.Потапов болгондугу белгилүү. 1974-ж. «Кумандинцы: Историко-этнографический очерк XIX — первой четверти XX века» деген ири монографиясы жарыкка чыккан. Мындан сырткары «Современная культура и быт кумандинцев Красногорского района» (1967), «Этнографический очерк развития земледелия у кумандинцев (XIX — начало XX в.)» (1970), «Сельская община кумандинцев во второй половине XIX — первой четверти XX века» (1975), «Древние этно-генетические связи Алтае-саянских народов (на материалах кумандинцев)» (1986), «Из этнической истории северных алтайцев» (1992) ж.б.эмгектери басмадан чыккан. Изилдөөчү алтай-кумандыларга байланышкан проблемалардан сырткары, Тоолуу Алтайдагы башка этнографиялык топтордун этностук тарыхы, этнографиясы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзоң. Бул маселелерге байланыштуу «Религиозные верования алтайцев и их пережитки» (1987), «Этно-демографическая характеристика населения Горного Алтая (XIX — первой четверти XX века)» (1993), «Из истории национального строительства в Горном Алтае (к проблеме консолидации алтайцев)» (1993) ж.б. монографиялары жарык көргөн. Байыркы динлиндер, түрктөр, кыпчактар тууралу макалаларды жазгандыгы маалым. С.С.Сураззаков атындагы Алтаистика институтунда узак жылдар бою эмгектенген, ал жерде бөлүмдү башкарган. Учурунда бир катар этнографиялык илимий экспедицияларга катышканкандыгы белгилүү. Кумандылардагы шаман дини боюнча бай материал жыйнаган. Мындан сырткары, Ф.А.Сатлаев ойлор табуучу катары да танымал болгон. 1984-ж. жем даярдай турган механиз ойлоп таап, анын патентине ээ болгон.

Негизги эмгектери

түзөтүү
  1. Кумандинцы: историко-этнографический очерк XIX — первой четверти XX века (Горно-Алтайское отд-ние Алтайского книжного изд-ва, 1974).
  2. Материалы по истории и этнографии Горного Алтая (Горно-Алтайская типография, 1993).
  3. Вопросы истории Горного Алтая (Барнаульский педагог. ин-т, 1978).
  4. История Горного Алтая: Учебное пособие для студентов педагогических институтов и старшеклассников средних школ (1995).
  5. Учитесь говорить по-кумандински: русско-кумандинский разговорник (Горно-Алтайская типография, 1990).
  6. Горный Алтай в период феодализма: Учебное пособие для студентов и старшеклассников (1995).
  7. Горный Алтай в составе России: Материалы по истории Горного Алтая в помощь учителю средней школы (1991).
  8. Религиозные верования алтайцев и их пережитки" (1987).
  9. Этно-демографическая характеристика населения Горного Алтая (XIX — первой четверти XX века) (1993).
  10. Из истории национального строительства в Горном Алтае (к проблеме консолидации алтайцев) (1993).
  11. Коча-кан — старинный обряд испрашивания плодородия у кумандинцев.
  12. «Современная культура и быт кумандинцев Красногорского района» (1967).
  13. «Древние этно-генетические связи Алтае-саянских народов (на материалах кумандинцев)» (1986).
  14. «Сельская община кумандинцев во второй половине XIX — первой четверти XX века» (1975).
  15. «Этнографический очерк развития земледелия у кумандинцев (XIX — начало XX в.)» (1970).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015