Саясат таануу илиминин калыптанышы: негизги түшүнүктөргө киришүү

  1. Саясат таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү
  2. Саясат таануу илиминин объектиси жана предмети
  3. Саясат таануу илиминин изилдөө ыкмалары (методдору)
  4. Саясат таануу илиминин коомдогу аткарган көп кырдуу кызматы

Саясат таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү түзөтүү

Азыркы доордо коомдук илимдердин арасында саясат таануу маанилүү орунду ээлейт. Анын орду саясаттын коомдогу аткарган ролу жана милдети менен аныкталат. Саясат адамзаттын цивилизациясынын тарыхында мамлекетке, өлкөлөр менен элдердин тагдырларына, адамдын жеке күндөлүк турмушуна түздөн-түз, зор таасиринин тийгизип келген. Ошондуктан коомдун саясий тармагын изилдеген бул илим кайда жана качан пайда болгон деген суроо туулат.

Саясатты түшүнүү аракеттери байыркы доордо эле башталган. Ал мамлекет менен кошо пайда болуп, аны менен бирге өнүгүп келе жатат. Саясий тармакты таануунун алгачкы формасы диний-мифологиялык чечмелөөлөргө байланыштуу болгон. Сакталып калган тарыхый булактарда алгачкы доордо биздин эрага чейинки II-I миңинчи жылдарда бардык элдерде бийликти жана коомдогу саясий түзүлүштү кудай жараткан деген түшүнүк орун алган. Бир миңинчи жылдардын орто ченинде саясий көз караштарды адамдын акыл-эсине байланыштырып түшүндүрүү аракеттери, алгачкы саясий категориялар менен аныктамалар пайда болот. Кийинчерээк философиялык-этикалык мүнөздөгү саясий теориялар иштелип чыгат. Ошентип, саясат теориялык жактан изилдене баштайт. Чыгыш өлкөлөрүнүн атактуу окумуштуулары Конфуций, Мо-Цзы, Заратустралардын, Батыштагы Сократ, Платон, Аристотель, Цицерондордун чыгармаларында саясат адамдын жыргалчылыкка жетишүү жолдорун иликтөөчү, жакшы мамлекеттик түзүлүштү камсыз кыла турган илим катары берилген. Аристотель саясат таануунун изилдөө объектилери катары акыйкатчылык, адамдарга жакшылык кылууну белгилеген. Улуу ойчул акыйкатчылык, адамдарга жакшылык кылуу акылдын күчү менен курулган мамлекетте гана болушу мүмкүн деген пикирде болгон. Аристотелдин ою боюнча, бардык илимдердин жана өнөрлөрдүн арасында саясат таануу өзгөчө орунду ээлейт. Жарандарды тарбиялап, алардын эң жакшы адамдык сапаттарын өстүрүү жана жүрүш-турушун оңдоо анын негизги максаттары болуп саналат. Демек, Аристотелдин көз карашында, саясат таануу адамдарды акыйкат жакшы турмушта чогуу жашоого үйрөтүү үчүн зарыл. Саясат таануунун негизин түзүүдө жана анын башка илимдерден бөлүнүп чыгышында Аристотелдин салымы зор. Ошондуктан, аны бул илимдин атасы деп коюшат. Антикалык доордо илимдер өз ара бөлүнбөй, универсалдуу түрдө өнүгүп, саясат таануу этика, философия менен бирдикте болгон.

Саясат таануу башка коомдук илимдерден XVI кылымда гана бөлүнүп чыгат. Италиялык атактуу илимпоз Николло Макиавелли саясат таанууну диний-этикалык калыбынан бошотуп, саясий процесстерди табигый жаратылыштын мыйзамдарына теңейт. Н. Макиавеллинин саясий изилдөөлөрүндө мамлекеттик бийликти чечмелөө борбордук орунду ээлейт жана коомдогу практикалык зарыл маселелерди чечүү саясат таануунун негизги милдети болуп табылат. Ошентип, саясат таануунун калыптануу жолунда алгачкы кадамдар жасалат. Азыркы абалына жетүү үчүн бул илим бир нече узак мөөнөттүү баскычтардан өткөн. Батыштагы белгилүү изилдөөчү К. Дойч ар бир коомдук илим, алардын ичинде саясат таануу үч этапты басып өтөт деп эсептейт. Алар:

  1. Философиялык этап
  2. Эмпирикалык этап
  3. Эмпирикалык учурду текшерүү, кайра кароо этабы.

К. Дойчтун көз карашында, саясат таануунун философиялык этабы алгачкы доордон баштап, Америкадагы 1861-1865-жылдары болгон жарандык согушка чейин созулат. Азыркы саясат таануу XIX кылымдын экинчи жарымында академиялык илим катары жогорку окуу жайларында окутула баштайт. 1857-жылы Америкадагы Колумбия колледжинде (кийинчерээк - Колумбия университети) Френсис Либер жетектеген кафедра ачылат. Ал кафедра «Саясат таануу жана тарых» деп аталган. Ошол кафедранын базасында саясат таануунун биринчи мектеби уюштурулат. 1886-жылдан баштап Колумбия университетинин астында саясат таануу боюнча ар квартал сайын атайын журнал чыга баштаган. 1903-жылы саясат таануудагы окумуштууларды бириктирген Америкалык саясат таануу илимдеринин ассоциациясы ачылат. Ал азыркы учурда 16 миңден ашык окумуштуудан турат. Ошол эле мезгилде Европада да саясат таануу өз алдынча илим болуп өнүгө баштайт. Европада кылымдар бою саясат таануу философиянын, мамлекет жана укук теориясынын, укук илимдеринин ичинде өнүгүп, саясат институционалдык багытта изилденип келген. Азыркы саясат таануунун өнүгүшүндө европалык улуу окумуштуулар М. Вебер, Р. Михельс, Г. Моска, В. Порето, А. Зигфрид, А. Токвиль, К. Маркс, Ф. Энгельстердин ролу зор.

Саясат таануунун өнүгүшүнүн экинчи этабы 1861-1865-жылдардагы Америкалык жарандык согуштан башталат да, экинчи дүйнөлүк согушка чейин созулат. Бул экинчи этабы саясат таануунун өзүнчө бөлүнүшү, академиялык статуска ээ болушу менен аяктайт.

Саясат таануунун өнүгүшүнүн үчүнчү этабы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин башталып, азыркы учурга чейин улантылып келүүдө. 1949-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун - ЮНЕСКОнун астында эл аралык саясат таануу ассоциациясы түзүлгөн. Азыркы учурда ал өз ишин улантып, конференцияларды өткөрүп, изилдөөлөрдү жыйынтыктап келүүдө

Саясат таануунун объектиси жана предмети түзөтүү

Саясат таануунун объектиси жана предмети тууралуу башка коомдук илимдердегидей эле көптөгөн ой-пикирлер, көз караштар белгилүү. Дүйнөлүк саясат таануудагы анын изилдөө объектиси жана предмети тууралуу көз караштарды бири-бирине жакын турган үч топко бөлсө болот.

Биринчи топтогу окумуштуулар. «Политология» - саясат жөнүндөгү көптөгөн илимдердин бири, анын предмети саясий турмуштун бардык жагын камтыбайт. Саясий турмушту саясий антропология, саясий география, саясий психология, саясий биология жана башка илимдер изилдейт», - дешет. Бул көз караштагы окумуштуулар саясий социология менен политология илимдеринин предметтери жакын деп эсептешет.

Саясий социология коом менен саясий институттардын, мамлекет менен социалдык түзүлүштүн өз ара катышын иликтейт. Ал эми саясат таануу болсо саясий бийликтин иштөө механизмдерин, мамлекеттин түзүлүшүн жана ички, тышкы саясаттын багыттарын, саясий институттарды изилдейт. Бул эки илим бир жалпы объектини изилдегени менен, иликтөө методдору менен айырмаланып, саясий чөйрөнүн ар башка тараптарын, түрдүү жактарын иликтеп аныктайт.

Саясат таануунун предмети тууралуу ушундай көз караш кеңири таралган, себеби изилдөөдө ар түрдүү методдорду колдонуу аркылуу саясат таануунун түрдүү тармактары камтылат. Бирок саясий чөйрөдөгү ар кыл кубулуштардын өз ара биримдиги жетиштүү деңгээлде эске алынбайт. Саясий чөйрөнүн бир эле жагын башка тараптарынан бөлүп иликтөө саясий институтта өтүүчү саясий процесстер, саясий кубулуштар тууралуу жалпы терең түшүнүк бере албайт.

Экинчи топтогу окумуштуулар саясий социология менен саясат таанууну бир эле илим катары эсептешет. Алардын түшүнүгүндө саясат таануунун предмети, изилдөө объектиси - коомдогу саясий идеялар, саясий институттар, саясий топтор. Ошондуктан, саясий социология менен саясат таануу бардык коомдук кубулуштарды саясий маанилүү маселе катары изилдейт. Кең мааниде саясат таануу коомдук илимдердин бир тармагы, ага коомдун түзүлүшүнө таасир этүүчү факторлор, маанилүү болгон түрдүү саясий теориялар, адамдардын саясий жүрүш-туруш эрежелери кирет.

Саясат таануу өзүнүн тар маанисинде коомдогу маанилүү саясий социалдык топторду жана процесстерди изилдейт. Саясат таанууну, саясий социологияны бириктирип бир эле илим катары эсептөө коомдун саясий сферасын бөлүп-жарбай, ал тууралуу бир жалпы түшүнүктүн пайда болушуна жол ачат. Бирок саясат таануунун түрдүү иликтөө методдору колдонулбай, бийликтин сапаттары, касиеттери айкын, ар тараптан изилденбей калат. Дагы бир кемчилиги – саясий социологияга кирбеген саясат таануунун тармактары, б.а. саясий философия, саясий психология, саясий география, саясий антропология, саясий биология ж.б.д.у.с четте калат. Үчүнчү топтогу окумуштуулар (Дж. Сартори, О. Штаммер) жогоруда белгилеп кеткен көз караштардын кемчиликтерин кайталабоого аракет кылышат да, саясат таануу саясаттын ар кыл тармагын камтыган, аларды бириктирүүчү илим деп, ага аны түзүүчү бөлүктөрү катары саясий социологияны, саясий философияны, мамлекет жана укук теориясын, саясий география менен бирге башка саясат таануу тармактарын киргизишет. Ушул көз караш дүйнөлүк чөйрөдө кеңири тараган жана аны колдогон саясатчылар «Саясат таануу эл аралык ассоциациясы» деп аталган эл аралык уюмга бириккен. 1948-жылы ЮНЕСКОнун астында өткөн саясатчылардын эл аралык отурумунда «саясат таануу» («политология») деген бир эле жалпы терминди пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошондой эле саясат таануу илиминин негизги мазмуну жана багытары сунушталган. Ал жерде саясат таанууну түзүүчү төмөнкүдөй бөлүктөр белгиленген:  саясий теория;  саясий институттар;  партиялар, топтор жана коомдук пикир;  эл аралык мамилелер.

Бирок дүйнөлүк илимий чөйрөдө саясат таануунун предмети тууралуу бирдиктүү көз караш азырынча али пайда боло элек, анткени саясий терминдерди, түшүнүктөрдү колдонууда улуттук салттардын ар түрдүүлүгү, саясат таануунун көп багыттуулугу буга тоскоолдук кылат. Ошого карабастан, окумуштуулардын көпчүлүгү аны саясат жөнүндө, саясаттын коом жана адам менен болгон өз ара мамилесин, катышын изилдөөчү илим деп эсептейт. Анын предметинин курамдык бөлүктөрү болуп бийлик, саясаттын субъектилери (саясаттагы индивид жана топ, саясий элиталар, саясий лидерлик) саясий система, саясий институттар, саясий аң-сезим жана маданият, саясий процесс, саясий өнүгүү, тышкы саясат жана эл аралык мамилелер кирет. Айрым окумуштуулар саясат таануунун предметин башкача аныкташат. Мисалы, О. Штаммер саясат таануунун курамын түзүүчү төмөндөгүдөй төрт бөлүгүн сунуш кылат:  нормативдик идеялар (программалар, декларациялар, инструкциялар, укуктук ченемдик актылар);  бийлик, саясий үстөмдүк мамилеси;  субъективдүү көрсөтмөлөр;  институттар.

Эгерде жалпы жыйынтык чыгара турган болсок, анда төмөнкүлөрдү белгилей алабыз: саясат таануунун предмети көп кырдуу, анын мааниси саясий кубулуштарды чечмелөө, аларды изилдөө ыкмаларына, колдонулган илимий методдорго карата ачылат.

Саясат таануунун изилдөө методдору түзөтүү

Саясатты изилдөө жана аны түшүндүрүү ыкмалары көп кырдуу. Саясат таануунун жалпы методдоруна социологиялык, нормативдик (ченемдик), антропологиялык, бихевиористтик, психологиялык, системалык (тутумдук), структуралык-функциялык (түзүмдүк-функциялык), тарыхый- салыштырма, диалектикалык-сындоо ж.б. методдор кирет. Өзүнчө топту эмпирикалык изилдөө, статистиканы пайдалануу жана документерди анализдөө, анкеталык сурамжылоо жана интервью алуу, лабораториялык эксперименттер, байкоо жүргүзүү ж. б. методдор түзөт (мисалы, «стенфорд эксперименти»).

Саясатты изилдөөдө эң маанилүү жана такай колдонулуучу методдорду үч топко бөлсө болот. Биринчи топко саясат таануунун жалпы методдору кирет. Ага биринчи кезекте социология ыкмасы кошулат. Ошол ыкма аркылуу саясат коомго жараша өнүгөөрүн, ага көз каранды экендигин ачык-айкын көрсө болот. Саясий система экономикалык мамилелердин, коомдун социалдык түзүлүшүнүн (структурасынын), идеологиясынын, маданиятынын таасирин изилдейт.

Марксисттик теорияда саясат экономикалык базистин үстүндөгү надстройка болуп жана тап, улуттар, мамлекеттер ортосунда мамилелер катары көрсөтүлгөн. Саясат таануунун өнүгүшүндө нормативдик (ченемдик) баалоо ыкмасы зор роль ойнойт. Бул метод саясий кубулуштарды изилдөөдө коом менен инсандар үчүн мааниси чоң, аларды жалпы элдик максатка, акыйкаттыкка, эркиндикке, чындыкка, адамдын кадыр-баркын сыйлоого чакырат. Бул метод идеалдуу саясий түзүлүштү табууга, аны ишке ашыруунун жолдорун издөөгө багыт берет. Коомдогу этикалык нормаларга жараша саясий институттардын курулушу зарыл. Адамдардын коомдогу саясий жүрүш-турушу коомдогу ченемдерге (нормаларга) туура келүүгө тийиш.

Нормативдик метод саясий турмуштук чындыктан алыс, идеалдуу моделдерди сунуш кылганы менен сынга алынат. Бирок ошого карабастан, бул метод саясатка этикалык, сапаттык жактан карап, антропология жана башка илимдер менен бирге ага коомдогу адамкерчилик, адепгүүлүк сапаттарын кошо иликтөөгө багыт берет. Функциялык метод саясий кубулуштарды коомдо болуп жаткан процесстерге терең байланыштырат. Алардын арасында - коомдук өнүгүүнүн экономикалык деңгээли, саясий түзүлүшү, шаардык калктын санынын кебөйүшү, алардын саясий активдүүлүгүнүн өсүшү, саясий партиялардын саны менен шайлоо системасынын ортосундагы байланыштары. Саясатка этика жагынан баа берүүдөн алыс болуп, саясат таануу коомдук кубулуштун өзөгүн изилдөөгө тийиш. Саясат таанууда функциялык методду Н. Макиавелли кеңири колдонгон. Анын ою боюнча, саясат таанууда чыныгы турмушту, анын карама-каршылыктарын иликтөө керек. Ошон үчүн ал диний догмалардан жана этикалык баалоодон баш тартууга чакырган.

Бихевиористтик метод саясат таанууде башка илимдердин методдорунун колдонулушун талап кылат. Ошол метод боюнча саясат таанууда социология менен табият тануу илимдеринин методдору колдонулууга тийиш. Айрым адамдардын, топтордун түрдүү шарттарда жүрүш-турушун, кылык-жоруктарын изилдөө аркылуу саясий чындыкты билүү аталган методдун маңызын түзөт.

Изилдөө айкын жана так жолдор менен жүргүзүлүп, саясий тажрыйба менен сыналышы зарыл. Бихевиористтик метод тууралуу Вудро Вилсондун 1880-жылы жарык коргон илимий эмгегинде кеңири баяндалган. Ошондон бери саясат таанууда, өзгөчө АКШда бихевиористтик метод алдыңкы орунду ээлеп келе жатат. Бихеовиористтик методдун башкы жоболору төмөнкүдөй: 1. Жеке адамдын өзгөчө жүрүш-турушу саясатка зор таасирин тийгизет. Жамааттын биргелешкен иш-аракеттери жеке инсандын жүрүш-турушунан келип чыгат. Ошондуктан, жеке инсандын жүрүш-турушу саясий изилдөөлөрдүн негизги объектиси болуп саналат. 2. Инсандын саясий жүрүш-турушунун маанилүү себеби болуп анын психикалык өзгөчө табигый сапаттары эсептелет. 3. Саясат таанууда башка илимдердин жетишкендиктери толук колдонулушу керек. Табият таануу шимдеринин методдору инсандын саясий жүрүш-турушун изилдөөгө чоң жардам берет. 4. Саясий кубулуштарды изилдөөдө математикалык жана башка методдорду, статистикалык маалыматтарды, анкеталоону жана компъютердик техниканы пайдалануу саясат таанууга чыныгы революцияны алып келе алат. Структуралык-функциялык талдоо саясатты бир бүтүн татаал структурадан турган система катары изилдейт. Бул системанын ар бир элементинин белгилүү, айкын милдети бар жана ал ошол системадагы ордуна жараша өз функциясын аткарат. Структуралык- функциялык методду К. Маркс, Т. Парсонс жана башка социолог, политологдор кеңири колдонушкан.

Саясат таанууда системалык методго биринчилерден болуп XX кылымдын 50- 60-жылдарында Т. Парсонс, өзгөчө Д. Истон көңүл бурушкан. Бул метод боюнча саясат татаал уюшулган организм. Саясат коомдогу айлана-чөйрө менен системага кирүү-чыгуу жолу аркылуу дайыма өз ара аркеттенип турат. Коомдогу жогорку бийлик саясий системага таандык. Ал система өзүн-өзү сактоого умтулат да, коомдо эң маанилүү эки функцияны (Д. Истон боюнча) аткарат: 1) коомдогу байлыктарды жана ресурстарды бөлүштүрүү: 2) ошол чечимдерди элге сөзсүз кабыл алдыруу.

Системалык метод саясий изилдөөдө жакшы жыйынтыктарды бергени менен, ага бирдей оң баа берилбейт. Бул метод коомдогу саясий системанын ар түрдүү теорияларында көрсөтүлгөн. Институционалдык метод XX кылымга чейин нормативдик багыт менен саясий билимде басымдуулук кылган. Биринчи кезекте, бул метод саясат ишмердүүлүгүн иш жүзүнө ашыруучу институттарды изилдөөгө багытталат да, өкмөттүк программаларды жана башка саясий иштерди алып баруучу мамлекет, партия сыяктуу уюмдарды терең билүүнү талап кылат.

Антропологиялык метод көпчүлүк учурда социологиялык методго карама-каршы турган метод катары кабыл алынат. Эгерде социологиялык методдо саясат социалдык себептер менен түшүндүрүлсө, антропологиялык багыттын чегинде адамдын табигый сапаттары коомдун бардык сферасында негизги, кыймыл берүүчү күч болуп эсептелет. Антропологиялык багытта төмөнкү принциптер анын негизин түзөт: 1. Коомдо кандай гана кайра куруулар болбосун, адамдын табигый сапаттары өзгөрүүгө учурабайт. 2. Улуттук, расалык, социалдык географиялык жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан, адамзаттын теги бир. Ошондуктан, бардык улуттар, расалар тең укуктуу. 3. Адамдын негизги табигый укуктары ажыратылгыс жана мамлекеттик иш мыйзам алдында биринчи турат деп таанылат.

Саясий чындыкты билүүдө антропологиялык метод жалаң эле социалдык чөйрөнүн таасирин изилдөө менен чектелбей, адамдын табигый жаратылышынан келип чыкчу инстинкт, биологиялык, иррационалдык жүрүш-турушун да терең байкоого багыт берет.

Психологиялык анализ (талдоо) антропологиялык методго жакын. Бул эки багыттын өзгөчөлүгү төмөнкүдө: эгерде антропология жалпы адамзатты изилдөөгө арналса, психология конкреттүү инсанды, анын айлана-чөйрөсүн, өсүш өзгөчөлүктөрүн эске алат. Бул метод адамдын саясий жүрүш-турушунда анын психологиясына түрткү болуучу себептерин, өзгөчө жеке сапаттарын изилдөөнү максат кылат. Адамзаттын тарыхында бул метод байыртадан бери белгилүү. Конфуций өзүнүн эмгегинде кол астындагы адамдардын ишенимине ээ болуу жана элпектикке үйрөтүү үчүн алардын ички дүйнөсүндөгү өзгөчөлүктөрдү эске алууну монархга сунуш кылган. Бийлик жүргүзүүнүн психологиясын иштеп чыгууга Н. Макиавеллинин «Мамлекет» деген эмгеги зор салым кошкон. Азыркы учурдагы психологиялык метод көп түрдүү. Ошол методдогу борбордук орунду негизин философ 3. Фрейд иштеп чыккан психоанализ ээлейт. Психоанализде адамдын эс-учуна баш ийбеген психикалык процесстер, алардын себептери изилденет. 3. Фрейддин ою боюнча, адамдын оорусу, тынчсыздануусу анын психикасынан да орун алып, анын саясий иштерине түздөн-түз таасирин тийгизет.

Психоанализ аркылуу көп кырдуу саясий жүрүш-турушту изилдесе болот. Мисалы, авторитардык инсан бийликти алуу менен өзүнүн ички жетишпеген сезимдерин жеңүүгө умтулат. Психоанализдин бир түрү болуп социалдык-психологиялык метод эсептелет. Ал адамдардын саясий жүрүм-турумун, ишин социалдык топторго кошулгандыгына көз каранды экендигин далилдеп, таптардын, улуттардын, жыйындардын, кичи топтордун психикасына мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн изилдейт. Ишмердүүлүктү изилдөө методу саясаттын өнүгүшүн, анын баскычтарын да камтыйт. Белгилүү бир мезгилдин аралыгында саясатта окуялар болуп, алар тынымсыз өзгөрүп турат. Аларды керектүү багытта өнүктүрүүдө кандайдыр бир максат коюлушу керек. Ошол максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй баскычтар зарыл болот:  иштеги жалпы максатты тактоо;  ал максатка жетүү үчүн чечим кабыл алуу;  максатты ишке ашыруу үчүн элди уюштуруу;  ресурстарды мобшизациялоо;  уюштуруу ишин алып баруу; эсеп жана көзөмөлдөө жүргүзүү;  жыйынтыкты талдоо;  жаңы тапшырмаларды коюп, максатты аныктоо. Бул методдор саясий чечимдерди кабыл алууда методдук негиз болуп эсептелет. Мындай көз караш менен караганда, саясат – жалпы коом үчүн зарыл чечимдерди даярдоо, кабыл алуу, ишке ашыруу процесси экендиги көрүнүп турат. Саясат коомду башкаруунун өзгөчө формасы экендиги далилденет. Диалектикалык-сындоо методу социалдык-саясий өзгөчөлүктөрдөн турган саясаттын өзүнүн ички өнүгүшүнүн булагы болгон карама-каршылыктарды талдайт. Бул метод саясаттын марксисттик талдоосунда, неомарксизмде (И. Хабериос, Т.В. Адорно) солчул-либералдык, социал-демократиялык теорияларда кеңири пайдаланылат жана саясий социологиялык конфликтология тармагында негизги орунду ээлейт. Андан тышкары, коомдук көп жактуулук (плюралисттик) теорияларында да кеңири колдонулат. Коомдогу адамдар, социалдык топтор ар дайым күрөш, карама-каршьшыктар абалында жашашат. Көптөгөн идеялар, саясий, экономикалык, рухий институттар ачык күрөшкө чыгышып, бирин-бири сындашып, жеңүүгө аракет кылат.

Салыштырма методу да азыркы саясат таанууда кеңири колдонулат. Адамзаттын саясий тарыхын изилдөөдө бул метод Конфуций, Мо-Цзы, Платон, Аристотелдер тарабынан колдонулган. Бир кылкадагы саясий кубулуштарды, саясий системаларды, партияларды, электоралдык системаларды салыштыруу саясий уюштуруунун ылайыктуу формаларын, максатты ишке ашыруунун ыңгайлуу жолдорун издеп табууга жардам берет. Салыштырма методу башка мамлекеттердин элдеринин тажрыйбасын изилдөөгө, аларды жигердүү пайдаланууга шарт түзөт. Бул методду колдонуу саясат таануунун дагы бир жаңы тармагынын – салыштырма саясат таануунун жаралышына алып келди. Саясат таануу илими эмпирикалык изилдөөлөргө да таянат. Чындыгында, мында анкеталоо, байкоо, эксперттик баалоо, контент-анализ, кырдаалга анализ ж.б. колдонулат. Мындай изилдөөнүн жүрүшүндө топтолгон эмпирикалык билим саясат таануу илиминде кеңири пайдаланылат. Эмпирикалык билим мында көбүнчө теориялык модель түзүү, болжолдоо үчүн колдонулат. Эмпирикалык изилдөөлөр, саясий чындыкка баа берүүдө, эң негизгиси – бийликти, анын таасирин, саясий түзүлүштү, социалдык механизмди сүрөттөөдө керек. Бийликтин арекетин, түзүлүшүн жана таасирин таануу менен биз саясий чындыктын маанилүү белгилерин ачабыз. Фундаменталдык изилдөөлөрдүн негизги милдети – изилденип жаткан чындык жөнүндө жаңы билим топтоо.

Саясат таануунун коомдогу аткарган көп кырдуу кызматы түзөтүү

Турмуш тажрыйбасында саясат таануу көп жактуу жана керектүү функцияларды аткарат:  саясий чечимдерди маалымдайт жана коомдогу туруктуулукту камсыздоону ишке ашырат;  коом таануу, изилдөө функциясын аткарат. Билимге керек маалыматтарды чогултууну, топтоону ишке ашырат;  калкты, жеке адамдарды социалдаштыруу функциясын өтөйт.

Саясат таануунун дүйнөлүк мектептеринин жалпы максаты – саясаттын спецификасын (өзгөчөлүктөрүн), чектерин, саясий ишмердүүлүктүн ролун аныктоо болуп саналат. Бирок бул максат – ошол ар бир өлкөнүн менталитетине жараша өзгөчөлөнөт. Мисалы, америкалык саясатчы Д. Истон саясий система менен жарандык коомдун ортосундагы чек араны аныктоону саясат илиминин негизги милдети катары эсептейт. Бул көз караш боюнча, саясий ишмердүүлүктүн чектерин аныктоо саясат таануунун негизги маселеси болуп саналат. Көп учурда саясатты мамлекеттик бийликке болгон мамиле, анын уюштурулушунун, ишмердүүлүгүнүн багыты катары кабыл алышат. Бийлик жогорку мамлекеттик органдын колунда болгон учурда гана, саясат өз максатына жетет. Т. Гоббс мамлекеттин милдети коомдо өз ара макулдашууну, тынчтыкты камсыз кылуу деп эсептейт. Мамлекет мында жалпы кызыкчылыктарды алып жүрүүчү система катары каралат. М. Вебер саясатты бийликке умтулууда, катышууда мамлекеттин ичинде топтор арасында бийликти бөлүштүрүүгө таасир көрсөтүүчү фактор деп аныктайт. В.И. Лениндин ою боюнча, саясаттагы эң туруктуу нерсе – мамлекеттик бийликтин түзүлүшү. Ал саясий коомдогу бардык топтордун, адамдардын кызыкчылыгын бириктирет. Коомдогу бийликтин бөлүштүрүлүшү, мамлекеттик органдардын өз ара мамилеси, партиялык системалардын өнүгүшү ар кыл бийликке саясий таасир этүүчү топтордун көбөйүшү саясаттын, саясий турмуштун мааниси мамлекеттик бийликтен кеңири экендигин аныктайт.

Коомдогу биринчи микродеңгээлде саясаттын негизги максаты өз ара макулдашууга жетишүү болуп саналат. Ал эми макродеңгээлде саясат саясий мамилелер аркылуу башкаруу маданиятынын бир бөлүгү катары кызмат өтөп, жамааттын деңгээлинде адептүүлүк, психологиялык процесстер менен байланышат. Саясаттын өзгөчөлүгүн ачуу төмөнкүлөрдө турат: биринчиден, ишмердүүлүктүн башка формаларына салыштырмалуу саясий ишмердүүлүктүн негизги мазмуну жөнүндө суроого жооп берүү, башкача айтканда, саясаттын коомдогу функциясы, ал эмне үчүн керек, анын зарылчылыгы эмнеде экендигин аныктоо; экинчиден, адамдардын уюму, ишмердүүлүк менен мамилелеринин формасы катары саясаттын өз алдынчалуулугу эмнеде экендигин ачуу; үчүнчүдөн, саясаттын экономика, адеп-ахлак менен өз ара байланышын билүү. Адамзаттын цивилизациясынын тарыхында саясаттын өнүгүү жолу батыш жана чыгыш жолдору болуп эки багытка бөлүнөт. Батыш цивилизациясында байыркы гректер доорунан тартып, мамлекеттин функциясы салык жыйноо, тышкы бейкуттукту коргоо, ички, тышкы тартипти сактоо менен чектелген. Маданий жана руханий турмуш өзүнчө өнүккөн. Коомду, үй-бүлөнү бекемдөөдө жогорку авторитет болуп саналган чиркөөнүн бийлиги саясий мүнөзгө ээ боло берген эмес. Чиркөө мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын чыңдоо куралы эле. Эгерде ал коомдук адеп-ахлактуулукту жогорулатууда негизги авторитет боло албаса, анда бул функцияларды мамлекет өзүнө алган. Ал коомдогу тартипке моралдык көз салып, коомдук тартиптин руханий нормалар менен чыңдалышын камсыз кылган.

Азыркы коомдо мамлекетин функциясы кыйла кеңейди. Ар бир коомдо мамлекеттик ишканалар, экономиканын мамлекеттик сектору бар, социалдык инфрастуктура, маданий турмуш, билим берүү да мамлекеттин кол алдында, башкача айтканда, мамлекет коомдук турмуштун бардык сфераларына кийлигишет. Азыркы мамлекеттин функцияларынын кеңейиши мамлекет саясий гана уюм эмес, универсалдуу уюм экендигин айкындайт. Саясий биримдиктин гаранты болгон мамлекет бир жагынан бийликте турган таптын башка таптарга карата үстөмдүк кылуусун камсыз кылган машина болсо, экинчи жагынан жалпы коомду башкаруу комитети катары кызмат өтөйт. Ошентип, мамлекет – жалпы кызыкчылыктарды коргоо органы жана таптык чөйрөдө жалпы кызыкчылыктарды бириктирүүчү механизм.

Саясат – коомдун биримдигин камсыз кылган бийлик мамилелеринин деңгээли. Биримдүүлүктүн идеалы – ички ырааттуулук, гармонияга жетишүү, бирок азыркы мезгилде коомдун ичинде толук гармонияга жетишүү - бул саясий утопия.

Бирок бардыгына бирдей белгилүү болгон кайсы бир чек, норма, максатка ылайык стабилдүүлүккө, туруктулукка жетишүүгө болот. Биримдикке жетишүү ар дайым шартуу түрдө гана болот. Бүтүндүккө, биримдикке дайыма жеке, топтук региондук кызыкчылыктар каршы турат. Коомдогу биримдиктин, бүтүндүктүн масштабы канча кеңири болсо да, анын мазмуну, натыйжасы өр дайым чектелүү. Азыркы жарандык коомдо жалпы мамлекеттик деңгээлде тил табышуу белгилүү гана маселелердин айланасында чечилет. Ошол процесс согуш же харизматикалык инсандын бийлиги учурунда гана башкача болушу мүмкүн.

Байланыштуу макалалар түзөтүү