Саясий консерватизм (лат. conservatio — сактоо, куткаруу) - коомдогу саясий жана укуктук уюмдун түзүлгөн формаларын коргоодон жана бекемдөөдөн турган саясий ишмердүүлүктүя тенденциясы. Саясий консерватизм эреже катары коомдук новацияларга болгон сындык-негативдик мамилелери менен айырмаланат; анын жактоочулары жалгыз гана мындай жаңы киргизүүлөрдү жактырышат - алардын ою боюнча болуп жаткан экономикалык, социалдык жана саясий түзүлүштөрдүн сакталуусуна жардам көрсөтүү, анын туруктуулугeнун өсүшүнүн кепилдиги болуп кызмат кылган өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8