Саясий модернизация - коомдун коомдук саясий системанын институттарынын жана саясий мамилелеринин заманбап жайлануусу, өзгөрүүсү менен байланышкан трансформациялануу процесси.

Саясий модернизация теориясы 20-кылымдын 50-жылдары калыптанган. Анын өнүгүшүнө Г. Алмонд, Д. Пауэлл, Л. Пай, С. Хантингтон ж. б. амер. окумуштуулар чоң салым кошушкан. «Саясий модернизация» термини салттык (агрардык) коомдон индустриялык коомго өтүп жаткан өлкөлөргө карата колдонулат. Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө саясий модернизация 17-кылымдын аягынан 20-кылымдын башына чейин жүргөн.

Модернизация негизги 2 типке бөлүнөт:

  • 1) биринчилик (баштапкы, оригиналдуу) же орг. модернизация;
  • 2) экинчилик же орг. эмес модернизация.

Биринчи модернизация АКШ жана Багыш Европа өлкөлөрүндө коомдук жашоо чөйрөлөрүнүн эволюциялык өсүшү аркылуу ишке ашып, жарандык коомдун түзүлүшүнө жана саясий системанын жаңы тибинин пайда болушуна алып келген. Экинчилик модернизация биринчи этапты басып өткөн өнүккөн өлкөлөрдүн (Россия, Бразилия,Түркия ж. б.) тажрыйбасын өздөштүрүү, үйрөнүү менен жүргүзүлгөн; 20-кылымдын 70-90-жылдарында саясий модернизация теориясын кайра башкача түшүнүү, салттык саясий системаларды реформалоодо тарыхый жана улуттук шарттардын өзгөчөлүгүн эске алуу талабы келип чыккан. Модернизация теориясында толук эмес модернизация концепциясы (салттык институттар менен баалуулуктардын жаңы саясий структураларга кошулуу мүмкүнчүлүгү), кризистүү (регрессиялануучу) модернизация, рецидивдүү жана туюкка камалган модернизацияда концепциялары пайда болгон. Кыргызстандын саясий модернизация толук эмес, кризистик концепциялардын четинде жүргүзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4