Саясий плюрализм
Саясий плюрализм - социалдык-саясий, демократиялык системаны уюштуруу жана функциялаштыруу принциби;
- ар каңдай идеологиялык агымдардын партиялардын, саясий жана коомдук уюмдардын, кыймылдардын бири бирине тоскоол кылбай иш алып баруусу;
- ошондой эле саясий кызыкчылыктардын ээн эркин чагылдырылышы;
- демократиялык саясий системанын өзгөчө белгиси;
- саясий бийликти монополия кылбаган саясий жашоо.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЖурналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4