(1911, Нахичевань ш. - 1997, Бишкек ш.) - пианист. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1964).

  • 1931-ж. Ленинград консерваториясынын фортепьяно классын бүтүргөн.
  • 1938-ж. СССР Маданият министрлигинин жолдомосу менен Кыргызстанга келил,
  • Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма, кийин опера жана балет театрында концертмейстер болуп иштеген. Алгачкы опера ырчылары С. Кийизбаева, М. Махмутова, А. Куттубаева, А. Боталиев, А. Малдыбаев, К. Эшимбеков ж. б. ондогон ырчыларды фортепьянонун коштоосунда ырдоого машыктырууда, үйрөтүүдө зор чыгармачылык күч жумшаган.
  • 1939-ж. жана 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан.

Кыргыздын музыкалык-театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Ардак Белгиси» ордени (1958), эки жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы (1947, 1981), Улуу Ата Мекендик согуштун кагышуучусу кагары -эки жолу 3-2 даражадагы «Данк» (1944, 1985) ордендери, «Германияны жеңгендеги үчүн» медалы менен сыйланган. КМШ өлкөлөрүндө, Кытайда, Монголияда, ГДРда, Польшада, ФРГда, Канада да, Индияда гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.