Сграффито, граффито (италянча graffito) – металл аспаптар менен эки-үч түстө аткарылган дубалдын бетиндеги жасалга сүрөтүнүн өзгөчө техникалык түрү. С. техникасы күңүрт шыбалган катмарды жаап туруучу жакшы кургаган ачык түстөгү сырга чийип так салат же бири-биринин үстүнө тартылган жука ар түрдүү шыбак катмарын кырат. Аткарылыш графикасы менен так айырмаланган С. эреже катары, орнаменттик мотивдер үчүн колдонулат. Керамикада с. техникасы деп беттелген топурак катмарын кыруу аталат, к. Ангоб макаласын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү