Сегиз «эмес»буддизмдеги махаяна агымындагы мадхьямиканын «ортодогу жол» формуласы.

Анын негизинде мадхьямиканы түзгөн Нагарджунанын «Мадхьямика-шастра» трактатынын биринчи фразалары жатат: «Мен, башымды ийип, Буддага ( төмөнкү көз карашты үгүттөгөн) таазим кылам: эч нерсе жаралбайт жана эч нерсе жоголбойт, бардыгы – түбөлүк эмес жана үзгүлтүксүз, бир эмес жана башка эмес, келбейт жана кетпейт. Ушул фразада мадхьямиканын негизги жоболорунун бири – «эки ара эместик» же бардык нерсенин маңыздык окшоштугу чагылдырылат.

Алгачкы буддизмге (хинаяна) салыштырмалуу махаяна дүйнөлүк болмуш иллюзиядан турат деген принципти колдонуп, дүйнөлүк мейкиндиктен тышкары, кудайдын өзү катары каралган Будданын абсолюттук субстанциялыгына ишендирет. Ошондой эле, «эки ара эместик» принцибинин негизинде «Будда менен жөнөкөй киши – бир маңыз». Ушул пикирдин негизинде бодхисаттва абалына жетүүнүн ритуалдык-медитациялык иш-аракетти белгиленет (бул хинаяна боюнча ишенген адамдын жеке куткарылышы жөнүндө окуусу).

Бодхисатванын максаты – будданын статусуна жетип, кайрадан сансара дүйнөсүнө буддисттик жарыкты эңсегендерге акыл үйрөтүүгө жана жардам берүүгө кайтып келүү. Жалпылап айтканда, Нагарджунанын трактаттарынын негизинде махаянанын буддисттик тексттик традициясы жогорку интелектуалдык мүнөзгө ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү