Сегментация (лат. segmentum — бөлүк) — тилде ар кандай кызмат аткарууда айтымдын бирдиктерге, тыбыштык жана маанилүү бирдиктик деңгээлге жиктелиши.

Биринчи учурда сегментация ар кандай деңгээлдеги фонетикалык бирдиктин, айтымдагы тыбыштык узундук бирдиктердин — фонема, муун, сөз, синтагма, айтым (фраза) белгилери катары, экинчиде лингвистикалык ар кандай деңгээлдердеги бирдиктердин андан да майда бөлүктөрдөн тура тургандыгын далилдөө үчүн ажыратуу (ассоциативдик талдоо) ыкмасы катары каралат.

Булактар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4